Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын аймагына чет мамлекеттердин жарандарын жана жарандыгы жок адамдарды этап-этабы менен өткөрүүнү жандандыруу жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 4-декабры № 390-б Кыргыз Республикасынын аймагына чет мамлекеттердин жарандарын жана жарандыгы жок адамдарды этап-этабы менен өткөрүүнү жандандыруу, Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоолорду жана Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүнү ийгиликтүү уюштурууну камсыз кылуу жана алардын жүрүшүнө байкоо салуу үчүн эл аралык байкоочуларды кабыл алуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоолордун жүрүшүнө жана Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүгө байкоо салуу үчүн эл аралык байкоочулар катары Кыргыз Республикасына бара жаткан чет өлкөлүк жарандарга визалык колдоо жана Кыргыз Республикасынын визалары боюнча консулдук кызмат көрсөтүүлөрдү каражат албастан тариздешсин.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ушул буйруктун 1-пунктунан келип чыгуучу аталган тиешелүү документтерди макулдашуу боюнча чечимдерди ыкчам тартипте кабыл алсын.
3. "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна эл аралык байкоочулардын учуп келүү/кетүүлөрүн уюштурууга көмөк көрсөтүү сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 84-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунда:
он бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына даректелген өтүнүч каты боюнча Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоолордун жүрүшүнө жана Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүгө байкоо салуу үчүн эл аралык байкоочулар катары Кыргыз Республикасына бара жаткан чет өлкөлүк жарандарынан"; төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы абзац менен толукталсын: "- Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдары жана "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому тарабынан бекитилген тартипке (коронавирус инфекциясынын (COVID-19) кирүүсүнүн алдын алуу жана жайылуусуна жол бербөө боюнча аракеттердин алгоритмине) ылайык Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасындагы "Манас", "Ош" жана "Ысык-Көл" эл аралык аэропортторундагы контролдоо-өткөрүү пункттары аркылуу кирген чет өлкөлүк жарандардан жана жарандыгы жок адамдардан.".
Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр
А.Э.Новиков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 84-б (Калктын саламаттыгын коргоону камсыздоо жана Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын (COVID-19) кирүүсүнүн алдын…Распоряжение · 17.03.2020 · № 84-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон