# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-ноябрындагы № 386-б (Эл аралык милдеттенмелерди аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө") буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-ноябрындагы № 386-б (Эл аралык милдеттенмелерди аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө") буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 386-р
- Кабыл алынган күнү: 26.11.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.11.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218373>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17824/edition/1041509/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218373.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.11.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-ноябрындагы № 386-б (Эл аралык милдеттенмелерди аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө") буйругу (26.11.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218373

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 26-ноябры № 386-б Эл аралык милдеттенмелерди аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. 2020-жылга мүчөлүк, үлүштүк төгүмдөр төлөнүүчү эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин тизмеги (мындан ары - Тизмек) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2020-жылга республикалык бюджеттин каражатынан Тизмекке киргизилген эл аралык уюмдарга жана интеграциялык бирикмелерге мүчөлүк, үлүштүк төгүмдөрдү төлөсүн.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнө жана финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр

А.Э.Новиков

Тиркеме

2020-жылга мүчөлүк, үлүштүк төгүмдөр төлөнүүчү эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин ТИЗМЕГИ

Уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин аталышы

сом

1

Евразия экономикалык бирлиги

168889700,00

2

Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин органдарынын бирдиктүү бюджети

15248420,00

3

Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан Өкмөт башчылардын кеңешинин алдындагы Интернационалист аскерлердин иштери боюнча комитет

55000,00

4

Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Коргоо министрлеринин кеңешинин алдындагы Аба чабуулунан коргонуу маселелери боюнча координациялык комитет

550000,00

5

Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин уставдык жана башка органдарындагы Кыргыз Республикасынын туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун башкы катчысынын орун басары

8671124,13

6

Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму

46177274,22

7

Парламенттер аралык союз

836000,00

8

Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясы

16225704,00

9

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун парламенттик ассамблеясы

163890,00

10

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясы

5167865,70

11

Ислам кызматташтык уюмунун парламенттик союзу

886600,00

12

Бириккен Улуттар Уюмунун туруктуу бюджети

4441624,20

13

Бириккен Улуттар Уюмунун тынчтык операциялары, Бириккен Улуттар Уюмунун эл аралык трибуналдары

2821000,00

14

Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму

3020844,30

15

Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк туристтик уюму

1782000,00

16

Бириккен Улуттар уюмунун Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча уюму

5239000,00

17

Бириккен Улуттар уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча уюму

3420000,00

18

Дүйнөлүк метеорологиялык уюм

1649661,41

19

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму

4314276,20

20

Эл аралык эмгек уюму

3040000,00

21

Эл аралык жарандык авиация уюму

2306000,00

22

Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгы

21192710,11

23

Шанхай кызматташтык уюмунун Региондук терроризмге каршы түзүмү

14649806,03

24

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюм

4500000,00

25

Ислам кызматташтык уюму

9356134,30

26

Кылмышты иликтөө полициясынын эл аралык уюму

900000,00

27

Миграция боюнча эл аралык уюм

85956,00

28

Дүйнөлүк соода уюму

1140000,00

29

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши

18609331,00

30

Түрк маданиятынын эл аралык уюму

6851000,00

31

Укук аркылуу демократия үчүн Европалык комиссиясы

152078,40

32

Эл аралык Ислам соода-финансы корпорациясы

7657000,00

33

Азия өнүктүрүү банкы

45000000,00

34

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы

10000000,00

Бардыгы

435000000,00
