# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-ноябрындагы № 380-б (Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматты жана киберкоопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча натыйжалуу өз ара иш алып баруусун камсыздоо жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-ноябрындагы № 380-б (Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматты жана киберкоопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча натыйжалуу өз ара иш алып баруусун камсыздоо жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 380-р
- Кабыл алынган күнү: 23.11.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218362>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17813/edition/1168678/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218362.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-ноябрындагы № 380-б (Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматты жана киберкоопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча натыйжалуу өз ара иш алып баруусун камсыздоо жөнүндө) буйругу (08.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218362

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 23-ноябры № 380-б Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматты жана киберкоопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча натыйжалуу өз ара иш алып баруусун камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 15 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Маалыматты жана киберкоопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссия 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Маалыматты жана киберкоопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Ведомстволор аралык комиссия зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын, ишканалардын жана уюмдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) адистерин жана көз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.

Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр

А.Э.Новиков

1-тиркеме

Маалыматты жана киберкоопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын экономика министринин жана коммерция орун басары; Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлинин орун басары; Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктурүү министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергилеиктүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

2-тиркеме Маалыматты жана киберкоопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобо (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-апрели № 176-т тескеме редакцияларына ылайык)

## 1-глава. Жалпы жоболор

1. Маалыматты жана киберкоопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Комиссия) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматты жана киберкоопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү макулдашылган иш-аракеттерин координациялоо жана шарт түзүү максатында түзүлүүчү, туруктуу негизде иш алып баруучу консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп эсептелет.

2. Комиссия Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле ушул Жобого ылайык өз ишин жүргүзөт.

Комиссиянын ишин уюштуруу жактан камсыздоону Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жүргүзөт. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-апрели № 176-т тескеме редакцияларына ылайык)

## 2-глава. Комиссиянын милдеттери, функциялары жана укуктары

3. Комиссиянын милдеттери төмөнкүлөр:

1) маалыматтык жана киберкоопсуздук чөйрөсүндөгү абалдын өнүгүү динамикасын талдоо жана Кыргыз Республикасынын аймагында аны камсыздоо чараларынын натыйжалуулугуна баа берүү;

2) маалыматтын жана киберкоопсуздуктун тышкы, ички коркунучтарына баа берүү, аларды болтурбоо сунуштарын даярдоо;

3) мамлекеттин маалыматты жана киберкоопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү саясатынын негизги багыттары боюнча сунуштарды даярдоо жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешине киргизүү;

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-апрели № 176-т тескеме редакцияларына ылайык)

4. Коюлган милдеттерди ишке ашырууда Комиссия төмөнкү функцияларды аткарат:

1) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматты жана киберкоопсуздукту камсыздоо чараларын ишке ашыруунун натыйжалуулугун талдайт, алардын ишин өркүндөтүү боюнча сунуштамаларын жана сунуштарын иштеп чыгат;

2) маалыматты жана киберкоопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү стратегиялык документтердин мазмунун жана актуалдуу маселелердин маанисин карайт жана баа берет;

3) мамлекеттик органдардын маалыматты жана киберкоопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү өз ара иш алып баруусун уюштурууну, координациялоону жана өркүндөтүүнү камсыздоо үчүн зарыл болгон чечимдерди өз компетенциясынын чегинде кабыл алат;

4) маалыматты жана киберкоопсуздукту камсыздоонун натыйжалуулугуна учурдагы мониторингдин негизинде маалыматтык-аналитикалык, методикалык материалдарды даярдайт;

5) зарыл болгон учурда Комиссиянын курамына кирбеген мамлекеттик органдардын жана уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңейтилген жыйындарды уюштурат, ошондой эле тажрыйба жана зарыл болгон маалымат алмашуунун максатында ведомстволор аралык семинарларды жана кеңешмелерди уюштурат;

6) жүктөлгөн милдеттерине ылайык жана өз компетенциясынын чегинде Комиссиянын чечимдерин ишке ашыруунун жүрүшүнө мониторинг жүргүзөт.

5. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:

1) мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, мамлекеттик ишканалардан жана мекемелерден, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик үлүшү бар чарба коомдорунан ишке зарыл болгон документтер менен материалдарды өз компетенциясынын чегинде белгиленген тартипте суроого;

2) зарыл болгон учурда маалыматты жана киберкоопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча сунуштарды даярдоо үчүн көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартуу аркылуу жумушчу топторду түзүүгө, ушул топтордун курамын, милдетин жана иш тартибин аныктоого.

## 3-глава. Комиссияны түзүү жана иш тартиби

6. Мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларынан турган Комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилет.

Зарыл болгон учурда Комиссиянын жыйындарына катышууга Комиссиянын курамына кирбеген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү чакырылышы мүмкүн. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-апрели № 176-т тескеме редакцияларына ылайык)

7. Комиссиянын ишин төрага, ал жок учурда анын орун басары жетектейт.

8. Кызмат орду боюнча Комиссиянын төрагасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, ал эми орун басары Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (мындан ары - УКМК) төрагасынын орун басары эсептелет.

Комиссиянын төрагасы:

1) Комиссиянын ишине жалпы жетекчилик кылат жана Комиссияга жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жеке жоопкерчилик тартат;

2) Комиссиянын жыйындарын жетектейт;

3) Комиссиянын жумушчу топторунун курамын бекитет;

4) Комиссиянын мүчөлөрүнүн макулдугу менен Комиссиянын иш планын жана жыйындарынын күн тартибин бекитет;

5) Комиссиянын чечимдерин аткарууга контролду камсыздайт.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-апрели № 176-т тескеме редакцияларына ылайык)

9. Комиссиянын жооптуу катчысы:

1) Комиссиянын жыйындарын даярдоону уюштурат;

2) Комиссиянын иш планынын, жыйындардын күн тартибинин долбоорлорун даярдоону камсыздайт, Комиссиянын жыйындарына жана чечимдерине материалдарды даярдоону уюштурат;

3) Комиссиянын мүчөлөрүнөн жана кызыкдар мамлекеттик органдардан Комиссиянын жыйындарын даярдоого зарыл болгон материалдарды жана Комиссиянын жыйындарынын алдын ала күн тартибин түзүү үчүн сунуштарды Комиссиянын жыйынын өткөрүүгө 20 жумуш күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө алат;

4) Комиссиянын жыйынын өткөрүү күнү, орду жана убактысы тууралуу Комиссиянын мүчөлөрүн комиссиянын жыйынын өткөрүүгө 7 күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө маалымдайт, ошондой эле Комиссиянын жыйынынын алдын ала күн тартибин жана тийиштүү материалдарды жөнөтөт.

10. Комиссиянын мүчөлөрү:

1) Комиссиянын иш планы, Комиссиянын жыйынынын күн тартиби боюнча сунуш киргизет;

2) Комиссиянын жыйынына материалдарды, ошондой эле Комиссиянын чечиминин долбоорлорун даярдоого катышат;

3) Комиссиянын жыйындарына жана каралган маселелерди талкуулоого жана чечим чыгарууга катышат;

4) Комиссиянын жыйынына негиздүү себеп менен катышууга мүмкүн болбогон учурда жыйынды өткөрүүгө 5 күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө ушул тууралуу Комиссиянын жооптуу катчысына маалымдайт;

5) негиздүү себеп менен катышууга мүмкүн болбогон учурда Комиссиянын жооптуу катчысына Комиссиянын жыйынынын күн тартибинин маселелери боюнча өзүнүн көз карашын (жазуу жүзүндө) жөнөтө алат.

11. Комиссиянын жыйыны Комиссиянын төрагасы бекиткен иш планга ылайык жылына бир жолу гана өткөрүлөт жана эгерде ага Комиссия мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышса, укуктуу деп эсептелет.

Комиссия мүчөлөрүнүн демилгеси боюнча жана Комиссиянын төрагасынын чечими менен Комиссиянын кезексиз жыйыны өткөрүлүшү мүмкүн.

12. Комиссиянын жыйындары реалдуу убакыт режиминде видео-конференц байланышын пайдалануу аркылуу өткөрүлүшү мүмкүн.

13. Комиссиянын чечими жыйынга катышкан Комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат.

Комиссия мүчөлөрүнүн добушу тең болуп калса, жыйынга төрагалык кылган адамдын добушу чечүүчү болуп эсептелет. Комиссиянын чечими протокол менен таризделип, Комиссиянын төрагасы же болбосо жыйынга төрагалык кылган анын орун басары жана Комиссиянын жооптуу катчысы кол коёт.

14. Комиссиянын жыйынынын протоколунун көчүрмөлөрү Комиссия мүчөлөрүнүн жана кызыкдар мамлекеттик органдардын дарегине 10 күндүн ичинде жөнөтүлөт.

15. Комиссиянын курамына кирбеген кызыкдар мамлекеттик органдардын жана уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусундагы кеңейтилген жыйынды өткөрүүдө Комиссиянын жыйынын өткөрүү күнү, орду, убактысы жана Комиссиянын жыйынынын күн тартибине камтылган маселелер тууралуу маалымат Комиссиянын төрагасынын же анын орун басарынын колу менен (жазуу жүзүндө) кызыкдар мамлекеттик органдарга жана уюмдарга жеткирилет.
