# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 374-б (Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик уюмдарынан кредит алган зайымчыларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана Кыргыз Республикасынын банктык системасынын туруктуулугун камсыз кылуу жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 374-б (Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик уюмдарынан кредит алган зайымчыларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана Кыргыз Республикасынын банктык системасынын туруктуулугун камсыз кылуу жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 374-р
- Кабыл алынган күнү: 13.11.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.11.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218357>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17808/edition/1041420/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218357.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.11.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 374-б (Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик уюмдарынан кредит алган зайымчыларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана Кыргыз Республикасынын банктык системасынын туруктуулугун камсыз кылуу жөнүндө) буйругу (13.11.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218357

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 13-ноябры № 374-б Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик уюмдарынан кредит алган зайымчыларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана Кыргыз Республикасынын банктык системасынын туруктуулугун камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-ноябрындагы № 358 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экономиканы турукташтыруу боюнча кыска мөөнөттүү иш-аракеттеринин планы тиркемеге ылайык редакцияда алтынчы глава жана 48-пункт менен толукталсын.

Премьер-министр

С.Н.Жапаров

Тиркеме

№

Милдеттер

Чаралар

Индикатор/ күтүлүүчү натыйжа

Жооптуулар

Аткаруу мөөнөттөрү

Каржылоо булагы

Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик уюмдарынан кредит алган зайымчыларга колдоо көрсөтүү

48

Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик уюмдарынан кредит алган зайымчыларга пайыздарды төлөөдөн үч айга бошотуу аркылуу мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана Кыргыз Республикасынын банктык жана финансылык системасынын туруктуулугун камсыздоо

100,0 миң сомго чейинки суммада берилген кредиттер боюнча толук түшпөй калган пайыздардан/кошмо баалардан келип чыккан чыгымдарды финансы-кредиттик мекемелерге компенсациялоо

Пайыздарды төлөө боюнча зайымчыларга финансылык колдоо көрсөтүү

ФМ, КРУБ (макулдашуу боюнча)

2020-жылдын 15-марты

Республикалык бюджеттин каражаттары
