# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-ноябрындагы № 362-б (Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Алиев Эргеш Алиевич атындагы академиясынын жеке курамын жана курсанттарын дезинфекциялоочу жана антисептик каражаттары менен камсыздоо максатында, "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-ноябрындагы № 362-б (Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Алиев Эргеш Алиевич атындагы академиясынын жеке курамын жана курсанттарын дезинфекциялоочу жана антисептик каражаттары менен камсыздоо максатында, "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 362-р
- Кабыл алынган күнү: 06.11.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218344>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17795/edition/1041350/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218344.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-ноябрындагы № 362-б (Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Алиев Эргеш Алиевич атындагы академиясынын жеке курамын жана курсанттарын дезинфекциялоочу жана антисептик каражаттары менен камсыздоо максатында, "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө) буйругу (13.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218344

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-июнундагы № 481-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 6-ноябры № 362-б Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Алиев Эргеш Алиевич атындагы академиясынын жеке курамын жана курсанттарын дезинфекциялоочу жана антисептик каражаттары менен камсыздоо максатында, "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-январындагы № 10-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Этил спиртин медициналык, ветеринардык, техникалык жана башка максаттарда пайдалануучу атайын керектөөчүлөрдүн жана субъекттердин тизмегинде:

- "Техникалык жана башка максаттарда этил спиртин пайдалануучу субъекттер" деген аталыштагы III бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 104-пункт менен толукталсын:

"104. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Алиев Эргеш Алиевич атындагы академиясы.".

Премьер-министр

С.Н.Жапаров
