# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-ноябрындагы № 365-б (Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-ноябрындагы № 365-б (Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 365-р
- Кабыл алынган күнү: 06.11.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218335>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17786/edition/1041330/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218335.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-ноябрындагы № 365-б (Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу жөнүндө) буйругу (06.11.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218335

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2020-жылдын 6-ноябры № 365-б Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 101-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери үчүн 2020-жылдын 9-10-ноябры Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 115-беренесинде каралган компенсациялоо менен иш күндөрү деп белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жана Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына 2020-жылдын 9-10-ноябрын иш күндөрү деп жарыялоо сунушталсын.

Премьер-министр

С.Н.Жапаров
