# КР Премьер-министринин 2020-жылдын 2-ноябрындагы № 544 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 20-мартындагы № 171 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2020-жылдын 2-ноябрындагы № 544 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 20-мартындагы № 171 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 544
- Кабыл алынган күнү: 02.11.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218330>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17781/edition/1041593/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218330.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2020-жылдын 2-ноябрындагы № 544 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 20-мартындагы № 171 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругу (01.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218330

---

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы № 622 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2020-жылдын 2-ноябры № 544 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык: Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 20-мартындагы № 171 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча оперативдүү штабдын курамында:

- биринчи жана экинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын социалдык блок боюнча вице-премьер-министри, оперативдүү штабдын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри, оперативдүү штабдын төрагасынын орун басары (жалпы координациялоо);";

- бешинчи жана жетинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;

мамлекеттик тилдеги текстинде:

- тогузунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- жыйырма алтынчы абзацындагы "биринчи" деген сөз алып салынсын;

- жыйырма жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өкүлү;"; расмий тилдеги текстинде:

- жыйырма бешинчи абзацындагы "первый" деген сөз алып салынсын;

- жыйырма алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"представитель отдела обороны, правопорядка и чрезвычайных ситуаций Аппарата Правительства Кыргызской Республики;".

Премьер-министр

С.Н.Жапаров
