# КР Премьер-министрдин 2020-жылдын 29-октябрындагы № 532 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 19-октябрындагы № 488 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министрдин 2020-жылдын 29-октябрындагы № 532 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 19-октябрындагы № 488 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 532
- Кабыл алынган күнү: 29.10.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.10.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218324>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17775/edition/1043603/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218324.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министрдин 2020-жылдын 29-октябрындагы № 532 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 19-октябрындагы № 488 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизүү жөнүндө) буйругу (29.10.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218324

---

КР Премьер-министринин 2021-жылдын 15-февралындагы № 80 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2020-жылдын 29-октябры № 532 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык: Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 19-октябрындагы № 488 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин жана вице-премьер-министрлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрүүдө:

- 3-главанын он бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Өкмөттүн Жалал-Абад жана Талас облустарындагы ыйгарым

укуктуу өкүлдөрүнүн ишин координациялайт.»;

- 5-главанын он тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Өкмөттүн Баткен жана Ош облустарындагы ыйгарым укуктуу өүлдөрүнүн ишин координациялайт.»;

2) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Ишин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, биринчи вице-премьер-министри жана вице-премьер-министрлери төйлөгөн жана координациялаган мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын тизмегинде:

- 3-главанын он тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад жана Талас облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн.»;

- 5-главанын онунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен жана Ош

облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн.».

Премьер-министр

С.Н.Жапаров
