Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн аппарат жетекчиси - министрдин (Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди мамлекеттик колдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасынын долбоорун жана аны Ишке ашыруу боюнча пландын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ ЖЕТЕКЧИСИ – МИНИСТР БУЙРУК 2020-жылдын 21-октябры № 120 Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди мамлекеттик колдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасынын долбоорун жана аны Ишке ашыруу боюнча пландын долбоорун иштеп чыгуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинин 35-пунктуна ылайык:
1. Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди мамлекеттик колдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасынын долбоорун жана аны Ишке ашыруу боюнча пландын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2020-жылдын 30-ноябрына чейинки мөөнөттө Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди мамлекеттик колдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасынын долбоорун жана аны Ишке ашыруу боюнча пландын долбоорун иштеп чыксын жана аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматына берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы 2020-жылдын 20-декабрына чейинки мөөнөттө Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди мамлекеттик колдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасын жана аны Ишке ашыруу боюнча планын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечиминин долбоорун белгиленген тартипте берсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун зарыл болгон учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын адистерин, эксперттик коомдоштуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн белгиленген тартипте ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
5. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жетекчилери ведомстволор аралык жумушчу топтун ишине көмөк көрсөтүшсүн жана өз убагында зарыл болгон документтерди, маалыматтарды беришсин.
6. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруу-методикалык жана башка жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматына жүктөлсүн.
7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр
Б.Аманбаев
Тиркеме
Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди мамлекеттик колдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасынын долбоорун жана аны Ишке ашыруу боюнча пландын долбоорун иштеп чыгуучу ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Токтоболотов Самат Николаевич
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
Кочорбаев Муса Качкынбаевич
-
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментинин чет өлкөлөрдө жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо бөлүмүнүн башчысы - директордун орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
Молдокасымов Русланбек Сатарович
-
Айыл чарбаны өнүктүрүү боюнча Винрок эл аралык институтунун Кыргыз Республикасындагы филиалынын эксперти, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча).
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөсү:
Шадыканова Таалайкуль Мухамбетовна
-
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Экономика саясаты башкы башкармалыгынын программаларды мониторингдөө жана экспертизалоо бөлүмүнүн башкы адиси;
Шаршембиев Акылбек Орозбекович
-
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн начальниги;
Исаев Асылбек Болотович
-
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин жалпы консулдук маселелер бөлүмүнүн башчысы;
Кыдыкманов Эмилбек Сагындыкович
-
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин агрардык саясат жана экономикалык болжолдоо бөлүмүнүн башчысы;
Черикбаева Гульнара Рыскуловна
-
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маданиятты, искусствону жана кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги;
Кулмамбетов Наркиз Дилдемуратович
-
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын башкы адиси;
Мааткеримова Чинара Нурсапаровна
-
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин эл аралык кызматташтык жана инвестицияларды тартуу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу;
Сутуева Гуласыл Буркановна
-
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамды жана дары саясатын уюштуруу башкармалыгынын башкы адиси;
Жолдошбаев Ырысбек Тынчтыкбекович
-
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргоо жана авариялык-куткаруу иштери башкармалыгынын начальниги;
Кудайбергенов Мирлан Абылмажинович
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери;
Чалбаев Азиз Чолпонкулович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин жергиликтүү өз алдынча башкаруу функцияларын жана ыйгарым укуктарын мониторингдөө секторунун башчысы;
Абдиев Илимбек Атантаевич
-
Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин инвестициялык потенциалды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
Абакова Назгуль Белековна
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин жарандык, иммиграция жана чет өлкөлүк жарандарды каттоо маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы;
Каниметов Бакыт Аскербекович
-
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын чек ара контролу башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
Бейшекеева Эркингул Курманбековна
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын иштерди стратегиялык пландоо жана координациялоо бөлүмүнүн башкы адиси;
Туларбек кызы Максат
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын мекендештер жана диаспоралар менен иштөө бөлүмүнүн башкы адиси;
Тынарбекова Махабат Тынарбековна
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын миграция саясаты бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
Омурбекова Чолпон Акматбековна
-
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун тариф саясаты жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн начальниги;
Супатаева Альфира Илиясовна
-
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын башкы адиси (макулдашуу боюнча);
Ибраев Фархат Талантбекович
-
"Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Омурзак уулу Замирбек
-
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын жарандык-саясий укуктарын, мигранттардын, чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын жана аскер кызматкерлеринин укуктарын коргоо боюнча бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Керимова Нурбюбю Сартовна
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Коомдук кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Шабданова Айгуль Аджыгабыловна
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Коомдук кеңешинин жооптуу катчысы (макулдашуу боюнча);
Бактыбек кызы Салават
-
Кыргыз Республикасындагы Эл аралык миграция уюму боюнча программалык ассистенти (макулдашуу боюнча);
Темир Казыбай
-
Айыл чарбаны өнүктүрүү боюнча Винрок эл аралык институтунун Кыргыз Республикасындагы филиалынын эксперти (макулдашуу боюнча);
Темирова Нурия Атамкуловна
-
"Глобалдуу өзгөрүүлөр фонду" коомдук фондунун "Борбордук Азия кыймылда" жарандык өнөктөш платформасынын координациялык комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Огонбаева Лола Бакытовна
-
"Кыргызстандыктардын жана мекендештердин "Замандаш" эл аралык конгресси" ассоциациясынын юридикалык жактардын бирикмесин өнүктүрүү боюнча менеджери (макулдашуу боюнча);
Баштовенко Светлана Николаевна
-
"Карылар үчүн ресурстук борбор" коомдук бирикмесинин өкүлү (макулдашуу боюнча);
Шамшиев Улан Насирдинович
-
көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуПостановление · 10.06.2013 · № 341 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти" (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 токтому менен бекитилген)Регламент · 10.06.2013 · № 341 · Күчүн жоготкон