# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-сентябрындагы № 339-б (Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, “Бажылык жөнгө салуу жөнүндө”) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-сентябрындагы № 339-б (Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, “Бажылык жөнгө салуу жөнүндө”) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 339-р
- Кабыл алынган күнү: 29.09.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.09.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218296>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17747/edition/1041194/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218296.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.09.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-сентябрындагы № 339-б (Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, “Бажылык жөнгө салуу жөнүндө”) буйругу (29.09.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218296

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 29-сентябры № 339-б Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, “Бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 110-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун (GIZ) арызынын негизинде 2003-жылы чыккан “Nissan Patrol” маркасындагы, кузовунун № JN1TCSY61Z0636411, кыймылдаткычынын № TD42169718, кыймылдаткычынын көлөмү 4169 см 3, ак түстөгү автотранспорт каражатын белгиленген тартипте мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажы жол-жобосунда жайгаштырсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын мамлекеттик менчикке кабыл алсын жана аны Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине ыкчам башкарууга өткөрүп берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын белгиленген тартипте ыкчам башкарууга кабыл алсын жана наркын бааласын.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

К.А. Боронов
