# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-октябрындагы № 348-б (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө") буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-октябрындагы № 348-б (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө") буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 348-р
- Кабыл алынган күнү: 05.10.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.10.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218288>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17739/edition/1041174/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218288.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.10.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-октябрындагы № 348-б (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө") буйругу (05.10.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218288

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 5-октябры № 348-б Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 110-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын арызынын негизинде, төмөнкү автотранспорт каражаттарын белгиленген тартипте мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажы жол-жобосунда жайгаштырсын:

- 2020-жылы чыгарылган, кузовунун номери JN1VB4E26Z0015077, кыймылдаткычынын номери QR25 764882Q, ак түстөгү "Nissan Urvan" маркасындагы микроавтобусту;

- 2020-жылы чыгарылган, кузовунун номери JN1VB4E26Z0015080, кыймылдаткычынын номери QR25 765280Q, ак түстөгү "Nissan Urvan" маркасындагы микроавтобусту.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражаттарын белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине кабыл алсын жана аларды Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине ыкчам башкарууга өткөрүп берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражаттарын белгиленген тартипте ыкчам башкарууга кабыл алсын жана наркын бааласын.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

К.А. Боронов
