# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы № 343-б (Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыздандыруу жана пенсия агенттигинин ортосундагы Пенсиялык камсыздоо жана социалдык камсыздандыруу жаатында кызматташуу жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы № 343-б (Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыздандыруу жана пенсия агенттигинин ортосундагы Пенсиялык камсыздоо жана социалдык камсыздандыруу жаатында кызматташуу жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 343-р
- Кабыл алынган күнү: 01.10.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.10.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218286>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17737/edition/1041170/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218286.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.10.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы № 343-б (Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыздандыруу жана пенсия агенттигинин ортосундагы Пенсиялык камсыздоо жана социалдык камсыздандыруу жаатында кызматташуу жөнүндө) буйругу (01.10.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218286

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 1-октябры № 343-б Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыздандыруу жана пенсия агенттигинин ортосундагы Пенсиялык камсыздоо жана социалдык камсыздандыруу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болгон өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен макулдук берилсин.

Премьер-министр

К.А.Боронов

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыздандыруу жана пенсия агенттигинин ортосундагы Пенсиялык камсыздоо жана социалдык камсыздандыруу жаатында кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ 1992-жылдын 13-мартындагы пенсиялык камсыздоо тармагындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин жарандарынын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө КМШ мамлекеттеринин макулдашуусуна ылайык, мындан ары Тараптар деп аталган Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жана Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыздандыруу жана пенсия агенттиги эки мамлекеттин ортосунда достук мамилелерди өнүктүрүү жана теңчилик жана өз ара пайданын негизинде пенсиялык камсыздоо жаатындагы кызматташууну жөнгө салууга ниеттенип, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-берене. Тараптар ар бир мамлекеттин улуттук мыйзамдарына ылайык өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүгө көмөктөшөт. 2-берене. Тараптардын ортосундагы кызматташуу төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлөт:

- пенсияларды чектөө жана кайра эсептөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жөнүндө маалыматтарды талап кылууга жана алууга көмөктөшүү;

- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүнө тиешелүү өз мамлекеттеринин мыйзамдарындагы өзгөрүүлөр тууралуу маалыматтар менен алмашуу;

- социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо жаатында тажрыйба алмашууга түрткү берген жолугушууларды, биргелешкен семинарларды, тегерек столдорду өткөрүү;

- социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо жаатында делегациялар, эксперттер менен алмашуу;

- макулдашылган программалардын негизинде биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү.

3-берене. Тараптар жолугушууларды Тараптардын жетекчилигинин деңгээлинде өткөрөт жана компетенциясына кирген маселелер боюнча консультациялар үчүн эксперттерин жиберет. Консультациялардын күн тартиби, датасы жана делегациялардын курамы дипломатиялык каналдар боюнча Тараптардын ортосунда макулдашылат. 4-берене. Тараптар финансылык жана уюштуруучулук мүмкүнчүлүктөрүнө жараша ушул Макулдашуунун 2-беренесинде каралган багыттар боюнча кызматташат. 5-берене. Өкүлдөрүнүн барган мамлекеттин аймагындагы транспорт чыгымдарына, жашоосуна, тамак-ашына кеткен чыгымдар боюнча милдеттенмелерди, эгерде каржылоонун башка шарттары сүйлөшүлбөсө жөнөткөн Тарап көтөрөт. Социалдык программаларды аткарууга жана тил котормолоруна тийиштүү сарптоолор боюнча милдеттенмелерди кабыл алуучу Тарап көтөрөт. 6-берене. Ушул Макулдашууну чечмелөө же колдонуу менен байланышкан Тараптардын ортосунда талаштар же пикир келишпестиктер келип чыкса, Тараптар аларды эки тараптуу сүйлөшүүлөр жана консультациялар аркылуу чечишет. Ушул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген өзүнчө протоколдор менен таризделген өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. 7-берене. Ушул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Ушул Макулдашуунун колдонулушу Тараптардын бири экинчи Тараптан аны колдонууну токтотуу ниети жөнүндө кат жүзүндө кабарлоо алган күндөн баштап 6 (алты) ай өткөндөн кийин токтотулат.

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_-жылдын \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ шаарында, ар бири кыргыз, тажик жана орус тилдеринде, эки бирдей нускада түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун тексттеринин ортосунда кайчы пикирлер келип чыккан учурда орус тилиндеги текстке артыкчылык берилет.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду үчүн

Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыздандыруу жана пенсия агенттиги үчүн
