# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-сентябрындагы № 316-б (2020-жылдын 4-октябрында боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону ийгиликтүү уюштуруу жана анын жүрүшүнө байкоо салуу үчүн эл аралык байкоочуларды кабыл алуу жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-сентябрындагы № 316-б (2020-жылдын 4-октябрында боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону ийгиликтүү уюштуруу жана анын жүрүшүнө байкоо салуу үчүн эл аралык байкоочуларды кабыл алуу жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 316-р
- Кабыл алынган күнү: 07.09.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.09.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218265>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17716/edition/1041122/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218265.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.09.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-сентябрындагы № 316-б (2020-жылдын 4-октябрында боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону ийгиликтүү уюштуруу жана анын жүрүшүнө байкоо салуу үчүн эл аралык байкоочуларды кабыл алуу жөнүндө) буйругу (07.09.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218265

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 7-сентябры № 316-б 2020-жылдын 4-октябрында боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону ийгиликтүү уюштуруу жана анын жүрүшүнө байкоо салуу үчүн эл аралык байкоочуларды кабыл алуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери 2020-жылдын 4-октябрында боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жүрүшүнө байкоо салуу үчүн эл аралык байкоочулар катары Кыргыз Республикасына бара жаткан чет өлкөлүк жарандарга визалык колдоо жана визалары боюнча консулдук кызмат көрсөтүүлөргө каражат албастан тариздешсин.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ушул буйруктун 1-пунктунда аталган тиешелүү документтерди макулдашуу боюнча чечимдерди ыкчам тартипте кабыл алсын.

3. "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна эл аралык байкоочулардын учуп келүү/кетүүлөрүн уюштурууга көмөк көрсөтүү сунушталсын.

4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы 2020-жылдын 4-октябрында боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жүрүшүнө байкоо салуу үчүн эл аралык байкоочулар катары Кыргыз Республикасына бара жаткан чет өлкөлүк жарандарга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан ыкчам тартипте өтүүгө көмөк көрсөтсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 84-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи абзац менен толукталсын:

"- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматына даректелген өтүнүч каты боюнча 2020-жылдын 4-октябрында боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жүрүшүнө байкоо салуу үчүн эл аралык байкоочулар катары Кыргыз Республикасына бара жаткан чет өлкөлүк жарандарынан.".

Премьер-министр

К.А. Боронов
