# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-сентябрындагы № 315-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 122 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-сентябрындагы № 315-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 122 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 315-р
- Кабыл алынган күнү: 04.09.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.09.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218264>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17715/edition/1041120/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218264.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.09.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-сентябрындагы № 315-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 122 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө) буйругу (04.09.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218264

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 4-сентябры № 315-б Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 122 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.".

2) жогоруда аталган буйруктун тиркемеси ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

Премьер-министр

К.А.Боронов

Тиркеме

"Бизнес жүргүзүү" рейтингиндеги Кыргыз Республикасынын көрсөткүчтөрүн жакшыртуу боюнча жумушчу топтун КУРАМЫ Кыргыз Республикасынын экономикалык маселелерин тейлеген вице-премьер-министр, жумушчу топтун жетекчиси; Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. Жумушчу топтун мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын биринчи орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча кеңештин катчылыгынын жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча); ЖИА бизнес-ассоциациясынын башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин өкүлү (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасындагы ЮСАИДдин миссиясынын өкүлү (макулдашуу боюнча); Эл аралык финансы корпорациясынын өкүлү (макулдашуу боюнча); Өнүктүрүү укугу боюнча эл аралык уюмдун (IDLO) өкүлү (макулдашуу боюнча).".
