# КР Премьер-министринин 2020-жылдын 3-сентябрындагы № 385 (Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри А.Ж.Исмаилова кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну убактылуу токтоткон мезгилге Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 23-апрелиндеги № 266 буйругуна ылайык ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри А.Б.Баатырбековго, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлери Э.Ш.Асрандиевге жана А.К.Мадумаровго, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр Т.А.Темиралиевге тиркемеге ылайык убактылуу бөлүштүрүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2020-жылдын 3-сентябрындагы № 385 (Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри А.Ж.Исмаилова кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну убактылуу токтоткон мезгилге Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 23-апрелиндеги № 266 буйругуна ылайык ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри А.Б.Баатырбековго, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлери Э.Ш.Асрандиевге жана А.К.Мадумаровго, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр Т.А.Темиралиевге тиркемеге ылайык убактылуу бөлүштүрүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 385
- Кабыл алынган күнү: 03.09.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.09.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218261>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17712/edition/1041114/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218261.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.09.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2020-жылдын 3-сентябрындагы № 385 (Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри А.Ж.Исмаилова кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну убактылуу токтоткон мезгилге Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 23-апрелиндеги № 266 буйругуна ылайык ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри А.Б.Баатырбековго, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлери Э.Ш.Асрандиевге жана А.К.Мадумаровго, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр Т.А.Темиралиевге тиркемеге ылайык убактылуу бөлүштүрүү жөнүндө) буйругу (03.09.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218261

---

КР Премьер-министринин 2020-жылдын 19-октябрындагы № 488 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2020-жылдын 3-сентябры № 385 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 21-августундагы № 341 буйругун эске алуу менен: Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри А.Ж.Исмаилова кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну убактылуу токтоткон мезгилге Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 23-апрелиндеги № 266 буйругуна ылайык ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри А.Б.Баатырбековго, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлери Э.Ш.Асрандиевге жана А.К.Мадумаровго, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр Т.А.Темиралиевге тиркемеге ылайык убактылуу бөлүштүрүлсүн.

Премьер-министр

К.А. Боронов

Тиркеме Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри А.Ж.Исмаилова кызматтык ыйгарым укуктарын убактылуу токтоткон мезгилге Кыргыз Республикасынын социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министринин милдеттерин убактылуу бөлүштүрүү

№

Милдеттердин тизмеси

Милдеттер жүктөлүүчү жетекчинин аты-жөнү жана кызмат орду

1

1) Социалдык саясат, социалдык кепилдиктер системасы, эмгек, ишке орноштуруу, үй-було, балдар, санитардык көзөмөл, саламаттык сактоо чөйрөлөрүндөгү саясат, милдеттүү медициналык камсыздандыруу, гендерлик саясат маселелерин координациялоо;

2) төмөнкүлөрдүн ишин координациялоо:

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин;

- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин;

- Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун

Баатырбеков А.Б., Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри

2

1) Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо маселелерин координациялоо;

2) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун ишин координациялоо

Асрандиев Э.Ш., Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри

3

1) Жаштар жана этностор аралык мамилелер, спорт жана этностук өнүктүрүү чөйрөсүндөгү саясат маселелерин координациялоо;

2) төмөнкүлөрдүн ишин координациялоо:

- Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин;

- Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик

Мадумаров А.К., Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри

агенттиктин (этностор аралык мамилелер боюнча);"

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жана «Кыргызстан элинин ассамблеясы» коомдук бирикмелер ассамблеясы менен өз ара байланышта иштешүүсүн камсыз кылуу

4

1) Миграция, интеллектуалдык менчикти, инновацияларды жана салттуу билимдерди коргоо жаатындагы саясат, билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү саясат, маданиятты өнүктүрүү, басма сөз жана телерадиоберүү, маалыматтык саясат, жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо боюнча иштер маселелерин координациялоо;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин ишин жетектөө (Координациялык кеңешти жетектейт);

3) төмөнкүлөрдүн ишин координациялоо:

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин;

- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин;

- Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын;

- Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын;

- Кыргыз Республикасынын

өкмөтүнүн Чуй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын;

- «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин;

- «Кыргыз Туусу» басма үйүнүн;

- «Слово Кыргызстана» басма үйүнүн;

- «Эркин Тоо» гезитинин;

- Кыргыз Республикасынын «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын;

Темиралиев Т.А., Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр

4) Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы,

Кыргызстандын профсоюздар федерациясы, жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара байланышта иштешүүсүн камсыз кылуу.
