# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-августундагы № 283-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 633 токтому менен бекитилген Региондорду өнүктүрүү фонддоруи түзүү тартиби жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-августундагы № 283-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 633 токтому менен бекитилген Региондорду өнүктүрүү фонддоруи түзүү тартиби жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 283-р
- Кабыл алынган күнү: 20.08.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218243>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17694/edition/1041076/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218243.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-августундагы № 283-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 633 токтому менен бекитилген Региондорду өнүктүрүү фонддоруи түзүү тартиби жөнүндө) буйругу (20.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218243

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 20-августу № 283-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 633 токтому менен бекитилген Региондорду өнүктүрүү фонддоруи түзүү тартиби жөнүндө типтуу жобонун 34-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-августундагы № 375-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган буйруктун I-тиркемеси ушул буйруктун

1- тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын; жогоруда аталган буйруктун 4-тиркемеси ушул буйруктун 2- тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын; жогоруда аталган буйруктун 6 жана 7-тиркемелери ушул буйруктун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

Премьер-министр

К.А. Боронов

1 -тиркеме I -тиркеме Талас облусун өнүктүрүү фондунун башкармасынын курамындагы мамлекеттик органдардын ӨКҮЛДӨРҮ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай -коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Талас облустук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын начальниги; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Талас облусу боюнча башкармалыгынын начальниги; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратными региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы. 2-тиркеме 4-тиркеме Ысык-Кел облусун өнүктүрүү фондунун башкармасынын курамындагы мамлекеттик органдардын ӨКҮЛДӨРҮ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл өблусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын укуктук тартип, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Ысык-Көл облустук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын начальниги. 3-тиркеме 6-тиркеме Нарын облусун өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын курамындагы мамлекеттик органдардын ӨКҮЛДӨРҮ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын укук тартиби, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммунаддык чарба мамлекеттик агенттигинин шаар куруу жана архитектура боюнча Нарын облустук башкармалыгынын начальниги; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын начальниги. 7-тиркеме Ош облусун өнүктүрүү фондунун башкармасынын курамындагы мамлекеттик органдардын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин региондор аралык башкы башкармалыгынын Ош региондук бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Ош облустук мамлекеттик статистика башкармалыгынын начальниги (м акулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Ош облусу боюнча башкармалыгынын начальниги.
