Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Региондорду өнүктүрүү фонддоруи түзүү тартиби жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 20-августу № 283-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 633 токтому менен бекитилген Региондорду өнүктүрүү фонддоруи түзүү тартиби жөнүндө типтуу жобонун 34-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-августундагы № 375-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган буйруктун I-тиркемеси ушул буйруктун
1- тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын; жогоруда аталган буйруктун 4-тиркемеси ушул буйруктун 2- тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын; жогоруда аталган буйруктун 6 жана 7-тиркемелери ушул буйруктун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
Премьер-министр
К.А. Боронов
1 -тиркеме I -тиркеме Талас облусун өнүктүрүү фондунун башкармасынын курамындагы мамлекеттик органдардын ӨКҮЛДӨРҮ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай -коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Талас облустук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын начальниги; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Талас облусу боюнча башкармалыгынын начальниги; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратными региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы. 2-тиркеме 4-тиркеме Ысык-Кел облусун өнүктүрүү фондунун башкармасынын курамындагы мамлекеттик органдардын ӨКҮЛДӨРҮ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл өблусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын укуктук тартип, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Ысык-Көл облустук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын начальниги. 3-тиркеме 6-тиркеме Нарын облусун өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын курамындагы мамлекеттик органдардын ӨКҮЛДӨРҮ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын укук тартиби, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммунаддык чарба мамлекеттик агенттигинин шаар куруу жана архитектура боюнча Нарын облустук башкармалыгынын начальниги; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын начальниги. 7-тиркеме Ош облусун өнүктүрүү фондунун башкармасынын курамындагы мамлекеттик органдардын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин региондор аралык башкы башкармалыгынын Ош региондук бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Ош облустук мамлекеттик статистика башкармалыгынын начальниги (м акулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Ош облусу боюнча башкармалыгынын начальниги.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-августундагы № 375-б (Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фондунун Башкармасынын мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн курамын бекитүү тууралу) буйругуРаспоряжение · 16.08.2016 · № 375-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014–жылдын 10-ноябры № 633 "Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 10.11.2014 · № 633 · Күчүн жоготкон