# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-августундагы № 274-б (Кыргыз Республикасынын аймагына чет мамлекеттердин жарандарын жана жарандыгы жок адамдарын этап-этабы менен өткөрүүнү жандандыруу жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-августундагы № 274-б (Кыргыз Республикасынын аймагына чет мамлекеттердин жарандарын жана жарандыгы жок адамдарын этап-этабы менен өткөрүүнү жандандыруу жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 274-р
- Кабыл алынган күнү: 14.08.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218238>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17689/edition/1041062/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218238.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-августундагы № 274-б (Кыргыз Республикасынын аймагына чет мамлекеттердин жарандарын жана жарандыгы жок адамдарын этап-этабы менен өткөрүүнү жандандыруу жөнүндө) буйругу (14.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218238

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 14-августу № 274-б Кыргыз Республикасынын аймагына чет мамлекеттердин жарандарын жана жарандыгы жок адамдарын этап-этабы менен өткөрүүнү жандандыруу максатында, «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 84-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктунда:

сегизинчи абзацы «балдары» деген сөздөн кийин «, неберелери» деген сөз менен толукталсын; төмөнкүдөй мазмундагы онунчу - он төртүнчү абзацтар менен толукталсын: «- Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында окуган чет мамлекеттердин жарандарынан жана жарандыгы жок адамдарынан (окуу жайдан берилген маалым катын көрсөткөн учурда);

- Кыргыз Республикасында туруктуу жашап турууга уруксаты бар чет мамлекеттердин жарандарынан жана жарандыгы жок адамдарынан;

Кыргыз Республикасынын аймагындагы медициналык мекемелерде дарыланууга келген чет мамлекеттердин жарандарынан жана жарандыгы жок адамдарынан (документ менен ырасталган шартта);

- жакын туугандарынын аза кутуу иш-чараларына катышууга келген чет мамлекеттердин жарандарынан жана жарандыгы жок адамдарынан (жакын туугандык байланыштары жана каза болгондугу тууралуу факт документ менен ырасталган шартта);

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ведомстволук актысы менен бекитилген өлкөлөрдүн Тизмегине ылайык стабилдүү эпидемиялык aбл байкалган чет мамлекеттердин жарандарынан.».

Премьер-министр

К.А. Боронов
