Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын аймагына чет мамлекеттердин жарандарын жана жарандыгы жок адамдарын этап-этабы менен өткөрүүнү жандандыруу жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 14-августу № 274-б Кыргыз Республикасынын аймагына чет мамлекеттердин жарандарын жана жарандыгы жок адамдарын этап-этабы менен өткөрүүнү жандандыруу максатында, «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 84-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунда:
сегизинчи абзацы «балдары» деген сөздөн кийин «, неберелери» деген сөз менен толукталсын; төмөнкүдөй мазмундагы онунчу - он төртүнчү абзацтар менен толукталсын: «- Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында окуган чет мамлекеттердин жарандарынан жана жарандыгы жок адамдарынан (окуу жайдан берилген маалым катын көрсөткөн учурда);
- Кыргыз Республикасында туруктуу жашап турууга уруксаты бар чет мамлекеттердин жарандарынан жана жарандыгы жок адамдарынан;
Кыргыз Республикасынын аймагындагы медициналык мекемелерде дарыланууга келген чет мамлекеттердин жарандарынан жана жарандыгы жок адамдарынан (документ менен ырасталган шартта);
- жакын туугандарынын аза кутуу иш-чараларына катышууга келген чет мамлекеттердин жарандарынан жана жарандыгы жок адамдарынан (жакын туугандык байланыштары жана каза болгондугу тууралуу факт документ менен ырасталган шартта);
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ведомстволук актысы менен бекитилген өлкөлөрдүн Тизмегине ылайык стабилдүү эпидемиялык aбл байкалган чет мамлекеттердин жарандарынан.».
Премьер-министр
К.А. Боронов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 84-б (Калктын саламаттыгын коргоону камсыздоо жана Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын (COVID-19) кирүүсүнүн алдын…Распоряжение · 17.03.2020 · № 84-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөЗакон · 09.01.2005 · № 6 · Күчүн жоготкон