# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-августундагы № 275-б ("Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" коомдук фондунун Байкоочу кеңешинин 2020-жылдын 11 -августундагы № 8 чечимине ылайык, өзгөчө кырдаал режими колдонулган мезгилде "COVID-19" коронавирустук инфекциясын жуктуруп алган адамдарга өз убагында квалификациялык медициналык жардам көрсөтүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-августундагы № 275-б ("Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" коомдук фондунун Байкоочу кеңешинин 2020-жылдын 11 -августундагы № 8 чечимине ылайык, өзгөчө кырдаал режими колдонулган мезгилде "COVID-19" коронавирустук инфекциясын жуктуруп алган адамдарга өз убагында квалификациялык медициналык жардам көрсөтүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 275-б
- Кабыл алынган күнү: 14.08.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218235>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17686/edition/1041044/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218235.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-августундагы № 275-б ("Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" коомдук фондунун Байкоочу кеңешинин 2020-жылдын 11 -августундагы № 8 чечимине ылайык, өзгөчө кырдаал режими колдонулган мезгилде "COVID-19" коронавирустук инфекциясын жуктуруп алган адамдарга өз убагында квалификациялык медициналык жардам көрсөтүү жөнүндө) буйругу (14.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218235

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 14-августу № 275-б "Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" коомдук фондунун Байкоочу кеңешинин 2020-жылдын 11 -августундагы № 8 чечимине ылайык, өзгөчө кырдаал режими колдонулган мезгилде "COVID-19" коронавирустук инфекциясын жуктуруп алган адамдарга өз убагында квалификациялык медициналык жардам көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен:

1. "Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" коомдук фондунун (мындан ары - Фонд) төмөнкүлөр жөнүндө сунушуна жана Фонддун Байкоочу кеңешинин чечимине макулдук берилсин:

- Нарын облусунун Нарын шаарындагы Нарын облустук бириккен ооруканасынын аймагында эксперименттик төз курулуучу жугуштуу оорулар ооруканасын куруу жөнүндө;

саламаттык сактоонун 7 (жети) объектисинин оңдоо-куруу иштерине акы төөлөө жөнүндө;

- саламаттык сактоо объекттерин газ анализаторлору менен жабдуу жөнүндө.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жана Нарын облусундагы Нарын шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боючча) ушу буйруктан келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрүшсүн.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

К.А. Боронов
