# КР Өкмөтунүн 2020-жылдын 10-августундагы № 269-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-январындагы № 3-б буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтунүн 2020-жылдын 10-августундагы № 269-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-январындагы № 3-б буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 269-р
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218219>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17671/edition/1041014/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218219.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтунүн 2020-жылдын 10-августундагы № 269-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-январындагы № 3-б буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө) буйругу (10.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218219

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 10-августу № 269-б Салыктык жана бажылык башкарууну санариптештирүү маселелери боюнча координациялык кеңештин курамын актуалдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-январындагы № 3-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн Салыктык жана бажылык башкарууну санариптештирүү маселелери боюнча координациялык кеңештин курамына төмөнкү адамдар киргизилсин:

Боронов Кубатбек Айылчыевич - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Координациялык кеңештин төрагасы катары; Темиралиев Таалайбек Асанбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр; Исмаилов Алтынбек Джапарович - Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы; Тюменбаев Баккельди Рахимович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн салык жана бажы саясаты секторунун башчысы; Дубанаев Адилет Садырбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн салык жана бажы саясаты секторунун эксперти; Кыдыргычов Исламбек Намызбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн салык жана бажы саясаты секторунун эксперти;

- курамдан М.Д.Абылгазиев, Б.Т.Джунусов, С.А.Кылжыев, Д.Д.Догоев чыгарылсын.

- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Салыктык жана бажылык башкарууну санариптештирүү маселелери боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жободо:

18-пунктундагы "бөлүмүнүн салык жана бажы саясаты сектору" деген сөздөр "бөлүмү" деген сөз менен алмаштырылсын.

Премьер-министр

К.А. Боронов
