Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтунүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 10-августу № 269-б Салыктык жана бажылык башкарууну санариптештирүү маселелери боюнча координациялык кеңештин курамын актуалдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-январындагы № 3-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн Салыктык жана бажылык башкарууну санариптештирүү маселелери боюнча координациялык кеңештин курамына төмөнкү адамдар киргизилсин:
Боронов Кубатбек Айылчыевич - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Координациялык кеңештин төрагасы катары; Темиралиев Таалайбек Асанбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр; Исмаилов Алтынбек Джапарович - Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы; Тюменбаев Баккельди Рахимович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн салык жана бажы саясаты секторунун башчысы; Дубанаев Адилет Садырбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн салык жана бажы саясаты секторунун эксперти; Кыдыргычов Исламбек Намызбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн салык жана бажы саясаты секторунун эксперти;
- курамдан М.Д.Абылгазиев, Б.Т.Джунусов, С.А.Кылжыев, Д.Д.Догоев чыгарылсын.
- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Салыктык жана бажылык башкарууну санариптештирүү маселелери боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жободо:
18-пунктундагы "бөлүмүнүн салык жана бажы саясаты сектору" деген сөздөр "бөлүмү" деген сөз менен алмаштырылсын.
Премьер-министр
К.А. Боронов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-январындагы № 3-б "Салыктык жана бажылык башкарууну санариптештирүүнү киргизүүнүн бирдиктүү саясатын координациялоо жана ишке ашыруу жөнүндө" буйрукуРаспоряжение · 13.01.2020 · № 3-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-январындагы № 3-б "Салыктык жана бажылык башкарууну санариптештирүүнү киргизүүнүн бирдиктүү саясатын координациялоо жана ишке ашыруу жөнүндө" буйрукуРаспоряжение · 13.01.2020 · № 3-р · Күчүн жоготкон