# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-июнундагы № 223-б "2016-жылдын 25-апрелиндеги Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Шаарды өнүктүрүү долбоорун" каржылоо жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-июнундагы № 223-б "2016-жылдын 25-апрелиндеги Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Шаарды өнүктүрүү долбоорун" каржылоо жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 223-б
- Кабыл алынган күнү: 19.06.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.06.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218204>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17656/edition/1040968/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218204.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.06.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-июнундагы № 223-б "2016-жылдын 25-апрелиндеги Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Шаарды өнүктүрүү долбоорун" каржылоо жөнүндө" буйругу (19.06.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218204

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 19-июну № 223-б

1. Расмий тилде тиркелген төмөнкү макулдашуу-каттар (расмий эмес котормо) жактырылсын:

1) 2016-жылдын 25-апрелиндеги Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Шаарды өнүктүрүү долбоорун" каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө макулдашуу-каттын долбоору, 1-тиркемеге ылайык;

2) 2016-жылдын 26-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Айылды суу менен камсыз кылууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууга жана 2017-жылдын 13-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү" долбоору үчүн кошумча каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө макулдашуу-каттын долбоору, 2-тиркемеге ылайык;

3) 2016-жылдын 18-мартындагы Кыргыз Республикасы менен Айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча глобалдык программанын көп тараптуу трасттык фонддун администратору катары чыгуучу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу" долбоору боюнча гранттык макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө макулдашуу-каттын долбоору, 3-тиркемеге ылайык;

4) 2016-жылдын 18-январындагы Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу боюнча долбоор) жана Кыргыз Республикасы менен Глобалдык экологиялык фонддун аткаруучу агенттиги катары чыгуучу Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашууга (Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу боюнча долбоор) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө макулдашуу-каттын долбоору, 4-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине Кыргыз Республикасынын атынан принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган макулдашуу-каттарга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

Премьер-министр

К.А Боронов
