Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «2016-жылдын 25-апрелиндеги Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы „Шаарды өнүктүрүү долбоорун“ каржылоо жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 19-июну № 223-б
1. Расмий тилде тиркелген төмөнкү макулдашуу-каттар (расмий эмес котормо) жактырылсын:
1) 2016-жылдын 25-апрелиндеги Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Шаарды өнүктүрүү долбоорун" каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө макулдашуу-каттын долбоору, 1-тиркемеге ылайык;
2) 2016-жылдын 26-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Айылды суу менен камсыз кылууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууга жана 2017-жылдын 13-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү" долбоору үчүн кошумча каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө макулдашуу-каттын долбоору, 2-тиркемеге ылайык;
3) 2016-жылдын 18-мартындагы Кыргыз Республикасы менен Айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча глобалдык программанын көп тараптуу трасттык фонддун администратору катары чыгуучу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу" долбоору боюнча гранттык макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө макулдашуу-каттын долбоору, 3-тиркемеге ылайык;
4) 2016-жылдын 18-январындагы Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу боюнча долбоор) жана Кыргыз Республикасы менен Глобалдык экологиялык фонддун аткаруучу агенттиги катары чыгуучу Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашууга (Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу боюнча долбоор) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө макулдашуу-каттын долбоору, 4-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине Кыргыз Республикасынын атынан принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган макулдашуу-каттарга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр
К.А Боронов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.