# КР Премьер-министринин 2020-жылдын 13-июлундагы № 273 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 23-апрелиндеги № 266 буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйруку

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2020-жылдын 13-июлундагы № 273 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 23-апрелиндеги № 266 буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйруку
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 273
- Кабыл алынган күнү: 13.07.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.07.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218203>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17655/edition/1040966/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218203.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.07.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2020-жылдын 13-июлундагы № 273 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 23-апрелиндеги № 266 буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйруку (13.07.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218203

---

КР Премьер-министринин 2020-жылдын 19-октябрындагы № 488 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2020-жылдын 13-июлу № 273 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык: Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 23-апрелиндеги № 266 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин жана вице-премьер-министрлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрүүдө:

- 1-главасынын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Боронов К.А.";

- 2-главасынын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Баатырбеков А.Б. (Реалдуу сектор, инфраструктура)";

2) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Ишин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, биринчи вице-премьер-министри жана вице-премьер-министрлери тейлеген жана координациялаган мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын тизмегинде:

- 1-главасынын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Боронов К.А.";

- 2-главасынын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Баатырбеков А.Б. (Реалдуу сектор, инфраструктура)".

Премьер-министр

К.А. Боронов
