# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-июнундагы № 227 (Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин коллегиясынын мүчөлөрү болуп төмөнкүлөр бекитүү жөнүнүдө) буйруку

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-июнундагы № 227 (Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин коллегиясынын мүчөлөрү болуп төмөнкүлөр бекитүү жөнүнүдө) буйруку
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 227
- Кабыл алынган күнү: 04.06.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218184>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17636/edition/1040914/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218184.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-июнундагы № 227 (Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин коллегиясынын мүчөлөрү болуп төмөнкүлөр бекитүү жөнүнүдө) буйруку (01.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218184

---

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы № 622 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2020-жылдын 4-июну № 227 Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2016-жылдын 9-августундагы № 436 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги жөнүндө жобонун 14-пунктуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин коллегиясынын мүчөлөрү болуп төмөнкүлөр бекитилсин:

Абдралиева Гулмира Курманбековна

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы;

Маметов Медетбек Раимбердиевич

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары;

Акматалиев Мирбек Акматалиевич

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;

Ахматов Султан Маматович

Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;

Жолдошбеков Манас Абдылдабекович

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол чарба кызматкерлеринин борбордук профсоюздук комитетинин төрагасы;

Акматов Адылбек Тентимишович

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин автомобиль жана темир жол транспорту башкармалыгынын начальниги;

Иманкулов Шабданбек Маданбекович

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин директору.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 11-августундагы № 457 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 20-ноябрындагы № 701 буйругу.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр

К.А. Боронов
