# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июнундагы № 209-б (Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аймактарында жылуулук менен жабдуунун сапатынын натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июнундагы № 209-б (Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аймактарында жылуулук менен жабдуунун сапатынын натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 209-р
- Кабыл алынган күнү: 09.06.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.06.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218182>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17634/edition/1040910/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218182.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.06.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июнундагы № 209-б (Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аймактарында жылуулук менен жабдуунун сапатынын натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө) буйругу (09.06.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218182

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 9-июну № 209-б Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аймактарында жылуулук менен жабдуунун сапатынын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелген төмөнкүлөр жактырылсын:

- Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 5-февралындагы № 24 Мыйзамы менен ратификацияланган 2018-жылдын 26-январындагы Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу долбооруна) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-каттын долбоору;

- Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын/Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Мульти-донордук трасттык фондунун энергетикалык секторун башкарууга көмөк көрсөтүү программасынын администратору катары чыгуучулар - TF072490, TF071398 мурастоочу) ортосундагы Гранттык макулдашуунун (Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу долбоорун кошумча каржылоо) долбоору.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине ушул буйруктун 1-пунктунда аталган Макулдашуу-катка жана Гранттык макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр

К.А. Боронов
