Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын жана Черногориянын дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери болуп саналган жарандарынын өз ара барып-келүү режимин тартипке келтирүү жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 8-июну № 207-б Кыргыз Республикасынын жана Черногориянын дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери болуп саналган жарандарынын өз ара барып-келүү режимин тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Черногориянын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр
К.А. Боронов
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Черногориянын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ Чогуу алганда мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Черногориянын Өкмөтү, эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөгө жана андан ары өнүктүрүүгө умтулуу менен, Кыргыз Республикасынын жана Черногориянын дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери болуп саналган жарандарынын Тараптардын мамлекеттеринин аймагына киришин жеңилдетүү ниетинде, Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-берене. Визадан бошотуу Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери болуп саналган эки Тараптын мамлекеттеринин жарандары 90 (токсон) күндөн ашпаган мөөнөткө өлкөгө кирүү, транзит менен өтүү, анда болуу же экинчи Тараптын мамлекетинин аймагынан чыгуу үчүн өлкөгө келген биринчи күндөн баштап 180 күнгө виза алуу талабынан бошотулат. 2-берене. Дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлери үчүн виза Дипломатиялык өкүлчүлүктүн, консулдук мекемелердин же экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында жайгашкан эл аралык уюмдарга караштуу өкүлчүлүктүн кызматкерлери болуп дайындалган дипломатиялык же кызматтык паспорттору бар эки Тараптын мамлекеттеринин жарандары, анын ичинде алардын үй-бүлө мүчөлөрү өлкөгө киргенге чейин экинчи Тараптын мамлекетинин дипломатиялык өкүлчүлүгүнөн же консулдук мекемелеринен тиешелүү кирүү визасын алышы керек. 3-берене. Кирүү жана чыгуу шарттары Ушул Макулдашуунун 1-беренесинде аталып өткөн дипломатиялык же кызматтык паспорттору бар эки Тараптын мамлекеттеринин жарандары экинчи Тараптын мамлекетинин аймагынан эл аралык жүргүнчүлөрдү ташуу жана каттоо үчүн арналган каалаган чек араны кесип өтүүчү пунктунан кирип жана чыга алат. 4-берене. Паспорттун колдонуу мөөнөтү Эки Тараптын мамлекетинин жаранынын дипломатиялык жана кызматтык паспортунун колдонуу мөөнөтү экинчи Тараптын мамлекетинин аймагынан чыгууга пландалган күндөн тартып 3 (үч) айдан кем болбошу керек. 5-берене. Бийлик органдарынын укуктары
1. Ушул Макулдашуу дипломатиялык же кызматтык паспорттору бар Тараптардын кайсы болбосун мамлекетинин жарандарын экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында колдонулган мыйзамдарды жана эрежелерди сактоо милдетинен бошотпойт.
2. Ушул Макулдашуу жагымсыз деп эсептелген же коомдун тынчтыгына, коомдук тартипке, коомдун саламаттыгына же улуттук коопсуздукка зыян келтириши мүмкүн болгон Тараптардын кайсы болбосун мамлекетинин компетенттүү органдарынын ушул Макулдашуунун 1-беренесинде аталган экинчи Тараптын мамлекеттеринин жарандарына өз аймагына киргизүүдөн баш тартуу же анда болуу мөөнөтүн кыскартуу укуктарына таасирин тийгизбейт.
6-берене. Убактылуу токтотуу
1. Эки Тарап тең улуттук коопсуздук, коомдук тартип же коомдук саламаттык сактоо көз карашынан ушул Макулдашуунун колдонулушун жарым-жартылай же толук токтотууга укуктуу.
2. Ушул Макулдашуунун колдонулушун убактылуу токтотуу же убактылуу токтотууну алып салуу жөнүндө чечим экинчи Тарапка дипломатиялык каналдар боюнча жөнөтүлүшү керек. Ушул Макулдашуунун колдонулушун токтото туруу жана убактылуу токтотууну алып салуу экинчи Тарап жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алган күндөн тартып 30 (отуз) күндөн кечиктирбестен күчүнө кирет.
3. Ушул Макулдашуунун колдонулушун токтото туруу Ушул Макулдашуунун 1-беренесинде аталган, экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында болгон жарандардын укуктарына таасирин тийгизбейт.
7-берене. Паспортторду жана өтүү документтерин берүүнүн үлгүлөрү
1. Тараптар өздөрүнүн дипломатиялык жана кызматтык паспортторунун үлгүлөрү менен ушул Макулдашуу күчүнө кирген күндөн 30 (отуз) күн өткөндөн кийин дипломатиялык каналдар боюнча алмашышат.
2. Жаңы дипломатиялык же кызматтык паспорт чыгарылган, ошондой эле колдонуудагы паспортторго өзгөртүүлөр киргизилген учурда тийиштүү Тарап паспорттордун үлгүлөрүн экинчи Тарапка дипломатиялык каналдар боюнча кечиктирбестен жөнөтөт жана кандай гана өзгөрүүлөр болбосун, ал жөнүндө расмий жарыяланганга чейин 30 (отуз) күн мурун жазуу жүзүндө маалымдайт.
3. Эгерде ушул Макулдашуунун 1-беренесинде аталган эки Тараптын мамлекетинин жараны колдонуудагы паспортун жоготсо же бузуп алса, ал бул тууралуу кабыл алуучу Тараптын тийиштүү органдарына өзүнүн мамлекетинин дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси аркылуу билдирет. Тийиштүү дипломатиялык өкүлчүлүк же консулдук мекеме ага ушул өлкөнүн мыйзамдарына ылайык өз өлкөсүнө кайтып баруу үчүн жаңы паспорт же өтүү документин берет.
8-берене. Оңдоолор Тараптардын өз ара жазуу жүзүндөгү макулдугу боюнча ушул Макулдашууга анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган жана ушул Макулдашуунун 10-беренесинде каралган тартипте күчүнө кирген өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. 9-берене. Талаш-тартыштарды жөнгө салуу Ушул Макулдашууну чечмелөө же ишке ашыруу менен байланышкан каалагандай пикир келишпестиктер же талаш-тартыштар, Тараптардын ортосунда кандайдыр бир үчүнчү жакты же эл аралык трибуналды катыштырбастан консультацияларды же сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аркылуу чечилиши керек. 10-берене. Макулдашуунун күчүнө кириши, колдонуу мөөнөтү жана аракетин токтотуу
1. Ушул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлдү жана күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптар аткаргандыгы тууралуу акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүү дипломатиялык каналдар боюнча алынган күндөн тартып 30 (отуз) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Эки Тарап тең дипломатиялык каналдар боюнча экинчи Тарапка жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтүп, ушул Макулдашууну бузууга укуктуу. Ушул Макулдашуу мындай билдирүүнү алган күндөн тартып 90 (токсон) күн өткөндөн кийин колдонулушун токтот.
20___-жылдын "___"-______________ шаарында, эки түп нускада, ар бири кыргыз, черногория, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей аутенттүү болуп саналат. Ушул Макулдашууну чечмелөөдө кандайдыр бир кайчы пикирлер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн
Черногориянын Өкмөтү үчүн
_______________________________
________________________________
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.