# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-июнундагы № 201-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 30-мартындагы № 110-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-июнундагы № 201-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 30-мартындагы № 110-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 201-р
- Кабыл алынган күнү: 04.06.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.06.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218178>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17630/edition/1040902/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218178.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.06.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-июнундагы № 201-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 30-мартындагы № 110-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизүү жөнүндө) буйругу (04.06.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218178

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 4-июну № 201-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 30-мартындагы № 110-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Чек ара маселелери боюнча Өкмөттүк комиссия жөнүндө жободо:

- 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5. Комиссиянын курамына кызмат орду боюнча төмөнкүлөр кирет: Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри (чек ара маселелерин тейлеген), Комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү, Комиссиянын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Юстиция министри; Кыргыз Республикасынын Финансы министри; Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри; Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри; Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.".

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр

К.А. Боронов
