Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик менен Тажикстан Республикасынын Жаштар иштери жана спорт боюнча комитетинин ортосундагы Жаштар саясаты жаатындагы кызматташтык жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берүү жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 8-июну № 206-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик менен Тажикстан Республикасынын Жаштар иштери жана спорт боюнча комитетинин ортосундагы Жаштар саясаты жаатындагы кызматташтык жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр
К.А. Боронов
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик менен Тажикстан Республикасынын Жаштар иштери жана спорт боюнча комитетинин ортосундагы Жаштар саясаты жаатындагы кызматташтык жөнүндө МЕМОРАНДУМ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик менен Тажикстан Республикасынын Жаштар иштери жана спорт боюнча комитети, мындан ары "'Тараптар" деп аталып, эки мамлекеттин элдеринин ортосундагы салттуу достук мамилелерди өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө өз ара умтулуп, жаштар иштери боюнча мамлекеттик органдар, улуттук, региондук жана башка жаштар уюмдары кеңири эриш-аркак иштешүү жолу менен, тең укуктуулук принциптерине негизделген эл аралык кызматташууну кеңейтүү жана өркүндөтүү ниетин ырастап, жаштар саясаты тармагындагы тыгыз байланыш жана кызматташтык Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын жаш муундарынын өкүлдөрүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү тереңдетүүгө көмөктөш болооруна ишеним артып, төмөнкүлөр тууралуу өз ара түшүнүшүүгө келишти: 1-берене. Тараптар өз компетенцияларынын алкагында жана Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык жаштар иштери боюнча мамлекеттик органдар, улуттук жана региондук жаштар бирикмелери аркылуу жаштар менен иштөө чөйрөсүндөгү тең укуктуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого жана өнүктүрүүгө ар тараптан көмөк көрсөтүшөт, жаштар кызматташтыгын интенсификациялоого, жаштардын маданий мурас менен таанышуусуна, аларды жаштар менен иштөө чөйрөсүндөгү долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууга катыштырууга багытталган демилгелерди активдүү колдошот. 2-берене. Тараптар жаштар саясаты жаатындагы байланыштарды жана кызматташтыкты өнүктүрүүнү төмөнкүлөр аркылуу колдойт:
- биргелешип иштөө, байланышуу жана өз ара тажрыйба алмашуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
- жаштар уюмдарынын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу;
- жаштар саясаты жаатындагы иш тажрыйбасы менен алмашуу;
- Тараптардын аймактарында жалпы программаларды ишке киргизүүгө жана жаштардын иш-чараларын (съезддерди, симпозиумдарды, конгресстерди, конференцияларды, семинарларды, тренингдерди, фестивалдарды, форумдарды, брифингдерди, көргөзмөлөрдү, конкурстарды, жолугушууларды) өткөрүүгө көмөк көрсөтүү.
3-берене. Тараптар мамлекеттик жана өкмөттүк эмес уюмдардын ортосундагы түздөн-түз байланыштарды өнүктүрүүгө, анын ичинде делегациялар жана өз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнча маалымат менен алмашуу, ошондой эле биргеликте иштелип чыккан программалар боюнча иш-чараларды өткөрүү аркылуу көмөктөшөт. Тараптар ушул Меморандумдун максаттарын ишке ашыруу үчүн башка кызыкдар уюмдарды тарта алышат. 4-берене. Ушул Меморандумдун алкагындагы кызматташуу боюнча бардык финансылык шарттарды тийиштүү жылга бекитилген бюджеттерге жараша Тараптар сүйлөшүп алышат. 5-берене. Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Меморандумга анын ажыратылгыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделген өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. 6-берене. Ушул Меморандумдун жоболорун колдонуу жана чечмелөө боюнча пикир келишпестиктер пайда болгон учурда, Тараптар аларды сүйлөшүүлөрдү жана консультацияларды жүргүзүү аркылуу чечишет. 7-берене. Ушул Меморандум кол коюлган датадан тартып күчүнө кирет, аныкталбаган мөөнөткө түзүлөт жана Тараптардын бири экинчи Тараптан ушул Меморандумду колдонууну токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндө кабар алган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүн жоготот. Ушул Меморандумду колдонууну токтотуу Тараптардын ушул Меморандумдун жоболорунун негизинде макулдашылган жана аны колдонууну токтотуу учуруна чейин бүтпөгөн долбоорлордун жана программалардын аткарылышына таасирин тийгизбейт. Ушул Меморандум күчүнө кирген учурдан тартып 2002-жылдын 9-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитети менен Тажикстан Республикасынын Жаштар иштери боюнча комитетинин ортосундагы Мамлекеттик жаштар саясаты жаатында кызматташтык жөнүндө келишими өзүнүн күчүн жоготот. __________________________ шаарында кол коюлду, эки түп нускада ар бири кыргыз, тажик жана орус тилдеринде түзүлдү, тексттердин баары бирдей юридикалык күчкө ээ. Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайда болгон учурда, Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик үчүн
Тажикстан Республикасынын Жаштар иштери жана спорт боюнча комитети үчүн
______________________________
______________________________
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.