# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 155-б (Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын андан ары жайылышына жол бербөө боюнча ыкчам чараларды көрүү, экономикалык чараларды ишке ашыруу жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 155-б (Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын андан ары жайылышына жол бербөө боюнча ыкчам чараларды көрүү, экономикалык чараларды ишке ашыруу жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 155-р
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.04.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218170>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17622/edition/1040886/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218170.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.04.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 155-б (Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын андан ары жайылышына жол бербөө боюнча ыкчам чараларды көрүү, экономикалык чараларды ишке ашыруу жөнүндө) буйругу (30.04.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218170

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 30-апрели № 155-б Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын андан ары жайылышына жол бербөө боюнча ыкчам чараларды көрүү, экономикалык чараларды ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-мартындагы № 92-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктунда "26-апрели" деген сөздөрдөн кийин ", 2, 3, 4-майы" деген сөздөр менен толукталсын;

- 3-пунктундагы экинчи абзацында "26-апрели" деген сөздөрдөн кийин ", 2, 3, 4-майын" деген сөздөр менен толукталсын;

- жогоруда аталган буйруктун тиркемесинде:

тиркемесинин аталышында "26-апрели" деген сөздөрдөн кийин ", 2, 3, 4-майы" деген сөздөр менен толукталсын.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
