# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-мартындагы № 110-б (Калктын социалдык жактан аялуу катмарына гуманитардык жардам көрсөтүү максатында, "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-мартындагы № 110-б (Калктын социалдык жактан аялуу катмарына гуманитардык жардам көрсөтүү максатында, "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 110-р
- Кабыл алынган күнү: 28.03.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.04.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218167>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17619/edition/1040873/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218167.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.04.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-мартындагы № 110-б (Калктын социалдык жактан аялуу катмарына гуманитардык жардам көрсөтүү максатында, "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө) буйругу (10.04.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218167

---

ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ РАСПОРЯЖЕНИЕ 2020-жылдын 28-марты № 110-б Калктын социалдык жактан аялуу катмарына гуманитардык жардам көрсөтүү максатында, "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4, 9 жана 12-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Кыргыз Республикасынын калкынын социалдык жактан аялуу катмарына гуманитардык жардам көрсөтүү максатында мурда брондон чыгарылган азык-түлүк буудай данынан иштетилген биринчи сорттогу 5000 (беш миң) тонна өлчөмүндөгү унду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарына, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына 1-тиркемеге ылайык өткөрүп берсин.

2. Ушул буйруктун 1-пунктунда аталган Гуманитардык жардамды бөлүштүрүү тартиби 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган гуманитардык жардамды райондук борборлорго жана облустук маанидеги шаарларга чейин жеткирүүнү уюштурсун.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлүшүн 3-тиркемеге ылайык маалыматтардын (разнарядканын) негизинде камсыздашсын.

5. Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) гуманитардык жардамды бөлүштүрүүдө оор турмуштук кырдаалда болгон, калктуу конуш (жаңы конуш) статусу жок турак жай массивдеринде жашаган жарандардын категориясын эске алсын.

6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө, социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө, коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев

1-тиркеме

Калктын социалдык жактан аялуу катмарына гуманитардык жардам көрсөтүү максатында мамлекеттик резервдин жооптуу сактоочу ишканалары тарабынан биринчи сорттогу унду БЕРҮҮ

1. "Карасу-Дан-Азык" ачык акционердик коому, Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаары:

- Ош облусу;

- Баткен облусу;

- Ош шаары;

- Жалал-Абад облусу (Ноокен, Сузак райондору).

2. "Азрат-Айыб" ачык акционердик коому, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Жалал-Абад шаары:

- Жалал-Абад облусу.

3. "Дан" мамлекеттик ишканасы, Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Кара-Балта шаары:

- Талас облусу;

- Жалал-Абад облусу (Токтогул району);

- Чүй облусу (Панфилов, Жайыл, Москва, Сокулук райондору);

- Бишкек шаары.

4. "Кант-Дан-Азык" ачык акционердик коому, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кант шаары:

Чүй облусу (Аламүдүн, Ысык-Ата райондору).

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун түндүк аймактык башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаары:

- Чүй облусу (Чүй, Кемин райондору);

- Ысык-Көл облусу.

6. "Алтын Дан" ачык акционердик коому, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаары:

- Нарын облусу.

2-тиркеме Гуманитардык жардамды бөлүштүрүү ТАРТИБИ

1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, шаарлардын мэрияларынын алдында гуманитардык жардамды бөлүштүрүү боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) түзүлөт.

Комиссиянын төрагасы болуп жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын социалдык маселелерди тейлеген орун басары же шаардын вице-мэри эсептелет. Комиссиянын төрагасынын эки орун басары болот. Биринчи орун басары болуп Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин аймактык бөлүмүнүн жетекчиси эсептелет, экинчи орун басары болуп жарандык коомчулуктун өкүлү саналат. Комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:

- айыл өкмөт башчылары, аймактык коомдук кеңештер жана муниципалдык аймактык башкармалыктар (шаарларда);

- жергиликтүү кеңештердин депутаттары (макулдашуу боюнча);

- билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү;

- саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү;

- жарандык коомчулуктун өкүлдөрү (макулдашуу боюнча);

- эмгек жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлү, Комиссиянын катчы.

2. Комиссия гуманитардык жардамды жакырчылык деңгээлин, жөлөкпул алуучулардын санын, турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдү, ошондой эле ушул аймакта жашаган гуманитардык жардамга муктаж болгон башка жарандарды эске алуу менен айыл өкмөттөр жана шаарлар боюнча бөлүштүрөт.

3. Комиссия гуманитардык жардамды өз убагында жана даректүү бөлүштүрүү (берүү) үчүн жоопкерчилик тартат.

4. Гуманитардык жардам, гуманитардык жардам алуу ведомостун (мындан ары - Ведомость) милдеттүү түрдө тариздөө менен тиркемеге ылайык форма боюнча бөлүштүрүлөт.

5. Ведомосттогу графалар гуманитардык жардам алуучунун сөздөрүнө ылайык төмөнкүдөй тартипте толтурулат:

- аты-жөнү, иш жүзүндө жашаган дареги (кыскартылбастан толук жазылат);

- эскертүүдө төмөнкү маалыматтар белгиленет:

"Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алуучу болуп эсептелеби; ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам болуп саналабы; гуманитардык жардам алуучунун социалдык паспорту барбы; турмуштук оор кырдаалда турган уй-бүлөнүн мүчөсү болуп эсептелеби (үй-бүлөнү жекече өнүктүрүү планы) ж.б.; мында тастыктоочу документтер суралбайт.

6. Ведомосттун түп нускасы райондор аралык (райондук) эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгына өткөрүп берилет, тиркеменин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү бир нускадан райондук мамлекеттик администрацияга (мэрияга), экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча аймактык органга жана көчүрмөнүн бир нускасы айыл өкмөтүндө сакталат.

7. Учурдагы/өткөн айда жардам алган же "Жумуштун ордуна азык-түлүк" схемасы боюнча БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын долбооруна катышып, азык-түлүк алуучулардын тизмесине кирген жарандар гуманитардык жардам алуучулардын тизмесине киргизилбейт.

8. Башка гуманитардык уюмдар/бизнес-коомчулуктар аркылуу үй-бүлөгө жардам көрсөтүлгөн учурда мурда берилген гуманитардык жардамдын көлөмү эсепке алынат.

Гуманитардык жардам бөлүштүрүү тартибине тиркеме

Форма \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ облусунун \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ районундагы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ айыл өкмөтүнүн тургундарынын гуманитардык жардам алуу ВЕДОМОСТУ Бөлүштүрүү датасы: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Гуманитардык жардамдын түрү: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Өлчөө бирдиги: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

№

Аты-жөнү (толугу менен, кыскартуусуз)

Туулган датасы

Иш жүзүндө жашаган дареги

Чогу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн саны

Алынган азык-түлүк жардамдын саны

Алгандыгы жөнүндө белги

Эскертүү (статус)

"Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алуучу

Социалдык жөлөкпул алуучулар, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү . адамдар

Социалдык паспорттун болушу

Турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлө

Жумушсуз

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

1

2

3-тиркеме

Гуманитардык жардамды бөлүштүрүү жөнүндө МААЛЫМАТ (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-апрелиндеги № 122-б буйругунун редакциясына ылайык)

Облустун/райондун/шаардын аталышы

Унду бөлүштүрүү (кап менен)

Унду бөлүштүрүү (тонна менен)

Баткен облусу

11710

585,5

Баткен району

4961

248,05

Кызыл-Кыя шаары

417

20,85

Сүлүктү шаары

256

12,8

Кадамжай району

3988

199,4

Лейлек району

2088

104,4

Бишкек шаары

6000

300,0

Ош шаары

2600

130,0

Жалал-Абад облусу

34466

1723,3

Аксы району

6232

311,6

Ала-Бука району

4071

203,55

Базар-Коргон району

6239

311,95

Жалал-Абад шаары

662

33,1

Кара-Көл шаары

169

8,45

Көк-Жаңгак шаары

303

15,15

Майлуу-Суу шаары

49

2,45

Таш-Көмүр шаары

466

23,3

Ноокен району

1279

63,95

Сузак району

9125

456,25

Тогуз-Торо району

923

46,15

Токтогул району

3678

183,9

Чаткал району

1270

63,5

Ысык-Көл облусу

5352

267,6

Ак-Суу району

775

38,75

Балыкчы шаары

301

15,05

Каракол шаары

619

30,95

Жети-Өгүз району

1240

62

Ысык-Көл району

603

30,15

Тоң району

689

34,45

Түп району

1125

56,25

Нарын облусу

5622

281,1

Ак-Талаа району

1035

51,75

Ат-Башы району

1408

70,4

Жумгал району

1011

50,55

Кочкор району

682

34,1

Нарын району

1486

74,3

Ош облусу

26501

1325,05

Алай району

2899

144,95

Араван району

2506

125,3

Кара-Кулжа району

2434

121,7

Кара-Суу району

4610

230,5

Ноокат району

8037

401,85

Өзгөн району

4174

208,7

Чоң-Алай району

1841

92,05

Талас облусу

5898

294,9

Бакай-Ата району

1147

57,35

Кара-Буура району

2126

106,3

Манас району

583

29,15

Талас району

2042

102,1

Чүй облусу

1851

92,55

Аламүдүн району

247

12,35

Жайыл району

268

13,4

Кемин району

103

5,15

Москва району

148

7,4

Панфилов району

243

12,15

Сокулук району

296

14,8

Чүй району

129

6,45

Ысык-Ата району

417

20,85

Бардыгы:

100000

5000
