# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-майындагы № 166-б (Коронавирустук инфекциянын (COVID-19) андан ары жайылышын алдын алуу жана калктын санитардык-эпидемиологиялык дурус абалын камсыздоо жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-майындагы № 166-б (Коронавирустук инфекциянын (COVID-19) андан ары жайылышын алдын алуу жана калктын санитардык-эпидемиологиялык дурус абалын камсыздоо жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 166
- Кабыл алынган күнү: 10.05.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.05.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218165>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17617/edition/1040866/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218165.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.05.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-майындагы № 166-б (Коронавирустук инфекциянын (COVID-19) андан ары жайылышын алдын алуу жана калктын санитардык-эпидемиологиялык дурус абалын камсыздоо жөнүндө) буйругу (10.05.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218165

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 10-майы № 166-б Коронавирустук инфекциянын (COVID-19) андан ары жайылышын алдын алуу жана калктын санитардык-эпидемиологиялык дурус абалын камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы республикалык өзгөчө комиссиянын 2020-жылдын 8-майындагы № 2 чечимин көңүлгө алуу менен, "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. 2020-жылдын 11-майынан тартып өзгөчө буйрукка чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарларынын, Нарын облусундагы Ат-Башы районунун аймагында, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында чектөө иш-чаралары (карантин) киргизилсин.

2. Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын жана Жалал-Абад облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Ат-Башы жана Чаткал райондорунун жергиликтүү мамлекеттик администрация жетекчилери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-апрелиндеги № 197 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коомдук саламаттык сактоо тармагында чектөөчү/карантиндик чараларды киргизүүнүн жана ишке ашыруунун тартибине ылайык зарыл болгон чараларды көрүшсүн.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министрине жүктөлсүн.

4. Ушул буйрук расмий жарыяланууга тийиш.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
