# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-майындагы № 164-б (Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын андан ары жайылышына жол бербөө боюнча ыкчам чараларды көрүү, экономикалык чараларды ишке ашыруу жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-майындагы № 164-б (Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын андан ары жайылышына жол бербөө боюнча ыкчам чараларды көрүү, экономикалык чараларды ишке ашыруу жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 164-р
- Кабыл алынган күнү: 08.05.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.05.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218164>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17616/edition/1040862/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218164.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.05.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-майындагы № 164-б (Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын андан ары жайылышына жол бербөө боюнча ыкчам чараларды көрүү, экономикалык чараларды ишке ашыруу жөнүндө) буйругу (08.05.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218164

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 8-майы № 164-б Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын андан ары жайылышына жол бербөө боюнча ыкчам чараларды көрүү, экономикалык чараларды ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Ушул буйруктун тиркемесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары (макулдашуу боюнча) үчүн 2020-жылдын 10-майы иш күнү деп белгиленсин.

2. Ушул буйруктун тиркемесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) жетекчилери тез арада:

- 2020-жылдын 10-майы иш күнүндө иштөөчү кызматкерлердин (кызматчылардын) тизмесин аныкташсын;

- ушул буйруктан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрүшсүн.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев

Тиркеме

2020-жылдын 10-майы иш күнү деп белгиленген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ТИЗМЕСИ

№

Мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын аталышы

1

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты

2

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

3

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги

4

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги

5

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги

6

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

7

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги

8

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги

9

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

10

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги

11

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги

12

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги

13

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги

14

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

15

Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети

16

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети

17

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети

18

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду

19

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы

20

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү

21

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар

22

Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, облустук жана райондук маанидеги шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча)

23

Айыл өкмөтү (макулдашуу боюнча)
