# КР Премьер-министринин 2020-жылдын 5-июнундагы № 228 (Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун каражаттарын бөлүштүрүүнүн ачык-айкындыгын жана максаттуу пайдаланууну камсыздоо жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2020-жылдын 5-июнундагы № 228 (Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун каражаттарын бөлүштүрүүнүн ачык-айкындыгын жана максаттуу пайдаланууну камсыздоо жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 228
- Кабыл алынган күнү: 05.06.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218158>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17610/edition/1190994/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218158.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2020-жылдын 5-июнундагы № 228 (Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун каражаттарын бөлүштүрүүнүн ачык-айкындыгын жана максаттуу пайдаланууну камсыздоо жөнүндө) буйругу (21.10.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218158

---

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 21-октябрындагы N 688 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 5-июну № 228 Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун каражаттарын бөлүштүрүүнүн ачык-айкындыгын жана максаттуу пайдаланууну камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011 -жылдын 27-июлундагы № 416 токтому менен бекитилген Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду жөнүндө жобонун 4-пунктуна ылайык:

1. Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен Байкоочу кеңештин жаны курамынын биринчи жыйынын даярдап. өткөрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 8-декабрындагы № 651 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Тиркеме Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин КУРАМЫ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары, Байкоочу кеңештин төрагасы. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Каракол башкармалыгынын начальниги; Ысык-Көл облусунун Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын Коомдук байкоочу кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын Коомдук байкоочу кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Ысык-Көл облусунун Түп райондук мамлекеттик администрациясынын Коомдук байкоочу кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын Коомдук байкоочу кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Ысык-Көл облусунун Жети-өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын Коомдук байкоочу кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Каракол шаардык кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердикти келдоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы (макулдашуу боюнча); Балыкчы шаардык кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердикти колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы (макулдашуу боюнча); Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун "Ак-Суу Арашан" коомдук бирикмесинин окулу (макулдашуу боюнча); Ысык-Көл облусунун Жети-өгүз райондук аялдар кеңешинин өкүлү (макулдашуу боюнча); Ысык-Көл облусунун Тоң районунун "Этномаданий Туристтик Ысык-Көл Тескей Жээк Дестинация" коомдук бирикмесинин өкүлү (макулдашуу боюнча).

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице премьер-министр

К.А Боронов
