# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-майындагы № 180-б (Нарын жана Ысык-Көл облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын калкынын социалдык аярлуу катмарына гуманитардык жардам көрсөтүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-майындагы № 180-б (Нарын жана Ысык-Көл облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын калкынын социалдык аярлуу катмарына гуманитардык жардам көрсөтүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 180-р
- Кабыл алынган күнү: 20.05.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.05.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218147>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17599/edition/1040822/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218147.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.05.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-майындагы № 180-б (Нарын жана Ысык-Көл облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын калкынын социалдык аярлуу катмарына гуманитардык жардам көрсөтүү жөнүндө) буйругу (20.05.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218147

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 20-майы № 180-б Нарын жана Ысык-Көл облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын калкынын социалдык аярлуу катмарына гуманитардык жардам көрсөтүү максатында, "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4 жана 9-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Нарын, Ысык-Кел облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын калкынын социалдык аярлуу катмарына гуманитардык жардам көрсөтүү максатында:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына - 300,0 (үч жүз) тонна өлчөмүндө биринчи сорттогу унду өткөрүп берсин, анын ичинен 45,3 (кырк беш тонна уч жүз килограмм) тоннаны - Нарын облусунун Жумгал районундагы Мин-Куш айылынын тургундары үчүн;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Кел облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына - 250,0 (эки жүз элуу) тонна өлчөмүндө биринчи сорттогу унду өткөрүп берсин;

- Бишкек шаарынын мэриясына - 500,0 (беш жүз) тонна өлчөмүндө биринчи сорттогу унду, 150,0 (жүз элуу) тонна өлчөмүндө кум шекерди өткөрүп берсин;

- Ош шаарынын мэриясына - 100,0 (жүз) тонна өлчөмүндө биринчи сорттогу унду өткөрүп берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын жана Ысык-Кел облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча):

- электрондук портал ("1227.tunduk.kg" сайты) же 1227.tunduk.kg сайтына кийин каттоо менен жарандардын жеке кайрылуулары аркылуу келип тушкен өтүнмөлөрдүн негизинде жарандардан кошумча маалымдамаларды жана каттоо жөнүндө маалыматтарды талап кылбастан гуманитардык жардамды ыкчам тартипте бөлүштүрүүнү камсыз кылышсын;

- гуманитардык жардамды бөлүштүрүү жөнүндө 1227.tunduk.kg маалыматтык системасында түзүлгөн отчетту Кыргыз Республикасынын

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине эки жумалык мөөнөттө беришсин.

3. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн гуманитардык жардамды Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсептин каражаттарынын эсебинен Нарын жана Ысык-Кел облустарынын райондук борборлоруна жана Бишкек, Ош шаарларына жеткирүүнү уюштурсун.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө, социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө, коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
