# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-майындагы № 179-б "Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын коргоо жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-майындагы № 179-б "Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын коргоо жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 179-р
- Кабыл алынган күнү: 15.05.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.05.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218143>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17595/edition/1040814/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218143.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.05.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-майындагы № 179-б "Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын коргоо жөнүндө" буйругу (15.05.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218143

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 15-майы № 179-б Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын коргоону камсыздоо максатында, коронавирустук инфекциянын (COVID-19) жайылуу шарттарында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 23-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-апрелиндеги № 132-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашуу боюнча, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 3683-VI токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн жарандарды тамак-аш жана убактылуу жашоочу жай менен камсыздоого жардам көрсөтүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарын Россия Федерациясынын Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарынан Кыргыз Республикасына алып келүү менен байланышкан чыгымдарга "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бюджеттик резервиндеги каражаттардын эсебинен 20000000 (жыйырма миллион) сом бөлүп берсин;".

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
