# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-майындагы № 182-б (Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирустук инфекциянын (COVID-19) киришин жана андан ары жайылышын алдын алуу боюнча ыкчам чараларды көрүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-майындагы № 182-б (Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирустук инфекциянын (COVID-19) киришин жана андан ары жайылышын алдын алуу боюнча ыкчам чараларды көрүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 182-р
- Кабыл алынган күнү: 20.05.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.05.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218140>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17592/edition/1040808/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218140.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.05.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-майындагы № 182-б (Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирустук инфекциянын (COVID-19) киришин жана андан ары жайылышын алдын алуу боюнча ыкчам чараларды көрүү жөнүндө) буйругу (20.05.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218140

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 20-майы № 182-б Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирустук инфекциянын (COVID-19) киришин жана андан ары жайылышын алдын алуу боюнча ыкчам чараларды көрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10 жана 31-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. 2020-жылдын 20-майынан тартып мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогунун "Кулунду-автожол" жана "Кайрагач-автожол" өткөрүү пункттарында өзгөчө буйрукка чейин адамдарды, товарларды, транспорт каражаттарын, жаныбарларды жана башка буюмдарды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция ушул буйруктан келип чыгуучу чараларды көрүшсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Тажикстан Республикасына, ошондой эле ушул буйрукту ишке ашырууга байланыштуу кызыкчылыктары козголушу мүмкүн болгон башка мамлекеттерге форс-мажордук жагдайлардан улам келип чыгуучу жана убактылуу мүнөзгө ээ болгон, алдын ала караштырылган чаралар жөнүндө кабарласын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү:

- аткаруу бийлигинин тийиштүү органдарына ушул буйрукту аткаруу менен байланышкан иштерди уюштурууга жана жүргүзүүгө көмөк көрсөтсүн;

- калктын арасында тийиштүү түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.

6. Ушул буйрук жалпыга маалымдоо каражаттарына расмий жарыяланууга тийиш.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
