# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-майындагы № 166-б (Коронавирустук инфекциянын (COVID-19) андан ары жайылышын алдын алуу жана калктын санитардык-эпидемиологиялык дурус абалын камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы республикалык өзгөчө комиссиянын 2020-жылдын 8-майындагы № 2 чечимин көңүлгө алуу менен, "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-майындагы № 166-б (Коронавирустук инфекциянын (COVID-19) андан ары жайылышын алдын алуу жана калктын санитардык-эпидемиологиялык дурус абалын камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы республикалык өзгөчө комиссиянын 2020-жылдын 8-майындагы № 2 чечимин көңүлгө алуу менен, "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 166-р
- Кабыл алынган күнү: 10.05.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.05.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218137>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17589/edition/1040802/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218137.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.05.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-майындагы № 166-б (Коронавирустук инфекциянын (COVID-19) андан ары жайылышын алдын алуу жана калктын санитардык-эпидемиологиялык дурус абалын камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы республикалык өзгөчө комиссиянын 2020-жылдын 8-майындагы № 2 чечимин көңүлгө алуу менен, "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө) буйругу (10.05.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218137

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 10-майы № 166-б Коронавирустук инфекциянын (COVID-19) андан ары жайылышын алдын алуу жана калктын санитардык-эпидемиологиялык дурус абалын камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы республикалык өзгөчө комиссиянын 2020-жылдын 8-майындагы № 2 чечимин көңүлгө алуу менен, "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. 2020-жылдын 11-майынан тартып өзгөчө буйрукка чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарларынын, Нарын облусундагы Ат-Башы районунун аймагында, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында чектөө иш-чаралары (карантин) киргизилсин.

2. Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын жана Жалал-Абад облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Ат-Башы жана Чаткал райондорунун жергиликтүү мамлекеттик администрация жетекчилери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-апрелиндеги № 197 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коомдук саламаттык сактоо тармагында чектөөчү карантиндик чараларды киргизүүнүн жана ишке ашыруунун тартибине ылайык зарыл болгон чараларды көрүшсүн.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министрине жүктөлсүн.

4. Ушул буйрук расмий жарыяланууга тийиш.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
