Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Коронавирустук инфекциянын (COVID-19) андан ары жайылышын алдын алуу жана калктын санитардык-эпидемиологиялык дурус абалын камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы республикалык өзгөчө комиссиянын чечимин көңүлгө алуу менен, «Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 10-майы № 166-б Коронавирустук инфекциянын (COVID-19) андан ары жайылышын алдын алуу жана калктын санитардык-эпидемиологиялык дурус абалын камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы республикалык өзгөчө комиссиянын 2020-жылдын 8-майындагы № 2 чечимин көңүлгө алуу менен, "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. 2020-жылдын 11-майынан тартып өзгөчө буйрукка чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарларынын, Нарын облусундагы Ат-Башы районунун аймагында, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында чектөө иш-чаралары (карантин) киргизилсин.
2. Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын жана Жалал-Абад облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Ат-Башы жана Чаткал райондорунун жергиликтүү мамлекеттик администрация жетекчилери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-апрелиндеги № 197 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коомдук саламаттык сактоо тармагында чектөөчү карантиндик чараларды киргизүүнүн жана ишке ашыруунун тартибине ылайык зарыл болгон чараларды көрүшсүн.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министрине жүктөлсүн.
4. Ушул буйрук расмий жарыяланууга тийиш.
Премьер-министр
М.Д. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-апрелиндеги № 197 "Кыргыз Республикасынын коомдук саламаттык сактоо тармагында чектөөчү/карантиндик чараларды киргизүүнүн жана ишке…Постановление · 09.04.2020 · № 197
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Коомдук саламаттык сактоо жөнүндөЗакон · 24.07.2009 · № 248 · Күчүн жоготкон