# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-майындагы 160-б (Бишкек шаарынын калкынын социалдык аярлуу катмарына гуманитардык жардам көрсөтүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-майындагы 160-б (Бишкек шаарынын калкынын социалдык аярлуу катмарына гуманитардык жардам көрсөтүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 160-р
- Кабыл алынган күнү: 04.05.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.05.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218132>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17584/edition/1040788/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218132.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.05.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-майындагы 160-б (Бишкек шаарынын калкынын социалдык аярлуу катмарына гуманитардык жардам көрсөтүү жөнүндө) буйругу (04.05.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218132

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 4-майы 160-б Бишкек шаарынын калкынын социалдык аярлуу катмарына гуманитардык жардам көрсөтүү максатында, "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4 жана 9-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Бишкек шаарынын калкынын социалдык аярлуу катмарына гуманитардык жардам көрсөтүү максатында мурда брондон чыгарылган азык-тулук буудай данынан тартылган 43 (кырк үч) тонна биринчи сорттогу буудай унун Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча):

- электрондук портал (!227.tunduk.kg сайты) аркылуу же жарандардын жеке кайрылуулары боюнча кийин 1227.tunduk.kg сайтына каттоо менен жарандардан кошумча маалым каттарды жана каттоо тууралуу маалыматты талап кылбастан ыкчам тартипте өтүнмөлөрдү түзсүн;

- гуманитардык жардамды бөлүштүргөндөн кийин эки жумалык мөөнөттө 1227.tunduk.kg маалыматтык системасында түзүлгөн отчетту Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине берсин.

3. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлиги Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсептин каражаттарынын эсебинен гуманитардык жардамды Бишкек шаарына жеткирууну уюштурсун.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө, коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
