# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-апрелиндеги № 140-б "Нарын облусунун Нарын шаарында тазалоочу курулмаларды куруу жана реабилитациялоо жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-апрелиндеги № 140-б "Нарын облусунун Нарын шаарында тазалоочу курулмаларды куруу жана реабилитациялоо жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 140-р
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218125>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17578/edition/1040772/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218125.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-апрелиндеги № 140-б "Нарын облусунун Нарын шаарында тазалоочу курулмаларды куруу жана реабилитациялоо жөнүндө" буйругу (24.04.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218125

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 24-апрели № 140-б Нарын облусунун Нарын шаарында тазалоочу курулмаларды куруу жана реабилитациялоо максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелген төмөнкүлөр жактырылсын:

- Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Нарын шаарында суу менен камсыздоо жана саркынды суу тутумдарын реабилитациялоо (2-фаза)" долбоору боюнча кредиттик макулдашуунун долбоору;

- Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Нарын шаарында суу менен камсыздоо жана саркынды суу тутумдарын реабилитациялоо (2-фаза)" долбооруна Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтү жана Европа бирлиги тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашуунун долбоору.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине ушул буйруктун 1-пунктунда аталган макулдашууларга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
