# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-апрелиндеги № 143-б "Акционердик коомдор жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-апрелиндеги № 143-б "Акционердик коомдор жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 2020
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218124>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17577/edition/1040770/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218124.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-апрелиндеги № 143-б "Акционердик коомдор жөнүндө" буйругу (24.04.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218124

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 24-апрели № 143-б "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37 жана 81-беренелерин ишке ашыруу максатында, айрым административдик-аймактык бирдиктердин аймагында өзгөчө кардаалды жана өзгөчө абалды киргизүүгө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча акционерлердин жылдык жалпы чогулушун өткөрүүнүн мөөнөтү - 2020-жылдын 1-сентябрына чейин;

- акционерлердин саны 500ден ашуун болгон же эч болбогондо баалуу кагаздардын 1 чыгарылышын ачык жайгаштырган ачык акционердик коомунун финансы-чарбалык иши тууралуу жылдык отчетту жарыялоо мөөнөтү - 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча акционерлердин жылдык чогулушун өткөргөн күндөн тартып 2 айдын ичинде, бирок 2020-жылдын 1-ноябрынан кечиктирбей.

2. Ушул буйрук расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
