# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-апрелиндеги № 144-б (Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 14-ноябрындагы № 128 Мыйзамы менен ратификацияланган, 2019-жылдын 23-майында Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Жалал-Абад шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо (2-фаза)" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Жалал-Абад шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо (2-фаза)" долбоору боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Акционерлеринин атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашууну ишке ашыруу жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-апрелиндеги № 144-б (Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 14-ноябрындагы № 128 Мыйзамы менен ратификацияланган, 2019-жылдын 23-майында Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Жалал-Абад шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо (2-фаза)" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Жалал-Абад шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо (2-фаза)" долбоору боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Акционерлеринин атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашууну ишке ашыруу жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 114-р
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218119>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17572/edition/1040274/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218119.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-апрелиндеги № 144-б (Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 14-ноябрындагы № 128 Мыйзамы менен ратификацияланган, 2019-жылдын 23-майында Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Жалал-Абад шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо (2-фаза)" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Жалал-Абад шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо (2-фаза)" долбоору боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Акционерлеринин атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашууну ишке ашыруу жөнүндө) буйругу (24.04.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218119

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 24-апрели № 144-б Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 14-ноябрындагы № 128 Мыйзамы менен ратификацияланган, 2019-жылдын 23-майында Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Жалал-Абад шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо (2-фаза)" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Жалал-Абад шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо (2-фаза)" долбоору боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Акционерлеринин атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашууну ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

1) Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэриясы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан 4125000 (төрт миллион жүз жыйырма беш миң) евро суммасында бекер негизде грант алууга субгранттык макулдашууну түзсүн;

2) Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэриясы менен төмөнкүдөй шарттарда субкредиттик макулдашууну түзсүн:

- кредиттин суммасы - 4000000 (төрт миллион) евро өлчөмүндө;

- кредитти пайдалануу үчүн өзгөрүлмөлүү пайыздык ставка - Euribor + иш жүзүндө өздөштүрүлгөн карыздын суммасына жылына 1,0 пайыз;

- күрөөлүк камсыздоо - сатып алынган жабдуулар жана кредиттин эсебинен сатып алынган башка мүлк түрүндө;

- кредиттин негизги суммасы жана пайыздар жарым жылда 1 жолу, ар бир жылдын 20-майында жана 20-ноябрында 25 бирдей бөлүк менен төлөнөт, мында кредитти төлөөнүн биринчи датасы - 2022-жылдын 20-майы жана кредитти жоюунун акыркы датасы - 2034-жылдын 20-майы;

- төлөмдөр кечиктирилген учурда айыптык санкциялар мөөнөтү өткөн карыз пайда болгон учурдан тартып ошол карыз толугу менен жоюлган датага чейин, - Euribor + кечиктирилген карыздын суммасынан жылына 2 пайыз;

- кредиттин өздөштүрүлбөгөн суммасы үчүн комиссия жылына 0,5 пайыз өлчөмүндө белгиленет, ал Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууга кол коюлган күндөн тартып 60 күндөн кийин эсептелет жана Кредиттик макулдашуу күчүнө киргенден кийин төлөнөт;

- эсепти ачуу үчүн бир жолку комиссия - берилген кредиттин каражатынан 1 пайыз өлчөмүндө.

2. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэриясына белгиленген тартипте субкредиттик макулдашуунун шарттарына ылайык кредитти кайтарып берүүнү камсыз кылуу сунушталсын.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
