Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган, Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Жалал-Абад шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо (2-фаза)» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Жалал-Абад шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо (2-фаза)» долбоору боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Акционерлеринин атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашууну ишке ашыруу жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 24-апрели № 144-б Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 14-ноябрындагы № 128 Мыйзамы менен ратификацияланган, 2019-жылдын 23-майында Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Жалал-Абад шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо (2-фаза)" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Жалал-Абад шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо (2-фаза)" долбоору боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Акционерлеринин атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашууну ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэриясы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан 4125000 (төрт миллион жүз жыйырма беш миң) евро суммасында бекер негизде грант алууга субгранттык макулдашууну түзсүн;
2) Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэриясы менен төмөнкүдөй шарттарда субкредиттик макулдашууну түзсүн:
- кредиттин суммасы - 4000000 (төрт миллион) евро өлчөмүндө;
- кредитти пайдалануу үчүн өзгөрүлмөлүү пайыздык ставка - Euribor + иш жүзүндө өздөштүрүлгөн карыздын суммасына жылына 1,0 пайыз;
- күрөөлүк камсыздоо - сатып алынган жабдуулар жана кредиттин эсебинен сатып алынган башка мүлк түрүндө;
- кредиттин негизги суммасы жана пайыздар жарым жылда 1 жолу, ар бир жылдын 20-майында жана 20-ноябрында 25 бирдей бөлүк менен төлөнөт, мында кредитти төлөөнүн биринчи датасы - 2022-жылдын 20-майы жана кредитти жоюунун акыркы датасы - 2034-жылдын 20-майы;
- төлөмдөр кечиктирилген учурда айыптык санкциялар мөөнөтү өткөн карыз пайда болгон учурдан тартып ошол карыз толугу менен жоюлган датага чейин, - Euribor + кечиктирилген карыздын суммасынан жылына 2 пайыз;
- кредиттин өздөштүрүлбөгөн суммасы үчүн комиссия жылына 0,5 пайыз өлчөмүндө белгиленет, ал Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууга кол коюлган күндөн тартып 60 күндөн кийин эсептелет жана Кредиттик макулдашуу күчүнө киргенден кийин төлөнөт;
- эсепти ачуу үчүн бир жолку комиссия - берилген кредиттин каражатынан 1 пайыз өлчөмүндө.
2. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэриясына белгиленген тартипте субкредиттик макулдашуунун шарттарына ылайык кредитти кайтарып берүүнү камсыз кылуу сунушталсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
М.Д. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- 2019-жылдын 23-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Жалал-Абад шаарындагы суу менен жабдуу…Закон · 14.11.2019 · № 128
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Указ Президента РК от 27 февраля 1992 года №УП-66 "О Муралиеве А.М."Указ · 27.02.1992 · № 66