# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-апрелиндеги № 135-б (Коронавирустук инфекциянын (COVID-19) жайылуусуна байланыштуу тышкы таасирлердин кесепеттерин азайтууга багытталган экономикалык чараларды ишке ашыруу жана экономикалык өнүктүрүүгө түрткү берүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-апрелиндеги № 135-б (Коронавирустук инфекциянын (COVID-19) жайылуусуна байланыштуу тышкы таасирлердин кесепеттерин азайтууга багытталган экономикалык чараларды ишке ашыруу жана экономикалык өнүктүрүүгө түрткү берүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 135-р
- Кабыл алынган күнү: 17.04.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.04.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218117>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17570/edition/1040268/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218117.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.04.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-апрелиндеги № 135-б (Коронавирустук инфекциянын (COVID-19) жайылуусуна байланыштуу тышкы таасирлердин кесепеттерин азайтууга багытталган экономикалык чараларды ишке ашыруу жана экономикалык өнүктүрүүгө түрткү берүү жөнүндө) буйругу (17.04.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218117

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 17-апрели № 135-б Коронавирустук инфекциянын (COVID-19) жайылуусуна байланыштуу тышкы таасирлердин кесепеттерин азайтууга багытталган экономикалык чараларды ишке ашыруу жана экономикалык өнүктүрүүгө түрткү берүү максатында, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренсине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 84-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:

"- тиешелүү тармактын иш маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматына жиберилген расмий кайрылуусунун негизинде 2020-жылга карата эмгек миграциясына белгиленген квоталардын чегинде чет өлкөлүк адистерден. Чет өлкөлүк адистердин обсервациядан өтүү шарттарын уюштуруу, аларды чакырган уюмдардын ишканалардын каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги белгилеген тартипке ылайык жүргүзүлөт.".

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
