# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-апрелиндеги № 125-б (Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө") буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-апрелиндеги № 125-б (Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө") буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 125-р
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.04.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218113>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17566/edition/1040260/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218113.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-апрелиндеги № 125-б (Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө") буйругу (13.04.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218113

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 13-апрели № 125-б Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 110-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Кыргыз Республикасындагы Программалык кеңсесинин билдирүүсүнүн негизинде 2005-жылы чыгарылган, кузовунун № JTECJ01J202001958, кыймылдаткычынын көлөмү 4500 см3 ак түстөгү "Тойота Ленд Крузер" маркасындагы автотранспорт каражатын мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажы жол-жобосуна белгиленген тартипте жайгаштырсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын белгиленген тартипте мамлекеттик менчикке кабыл алсын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына ыкчам башкарууга өткөрүп берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын белгиленген тартипте ыкчам башкарууга кабыл алсын жана бааласын.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
