Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу киргизилген өзгөчө кырдаал өзгөчө абал шартында социалдык туруктуулукту камсыз кылуу жана калктын социалдык аялуу катмарына социалдык колдоо көрсөтүү жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 10-апрели № 123-б COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу киргизилген өзгөчө кырдаал өзгөчө абал шартында социалдык туруктуулукту камсыз кылуу жана калктын социалдык аялуу катмарына социалдык колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Өзгөчө кырдаалдын/өзгөчө абалдын режими жокко чыгарылган айдан кийинки айдын акыркы күнүнө чейин документтерди талап кылуусуз төмөнкүлөрдүн мөөнөттөрү узартыла тургандыгы белгиленсин:
- "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик жөлөкпулдар дайындалган адамдарга мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөнүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 "Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсация төлөө жөнүндө" токтомуна ылайык жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсация алуучу адамдарга жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсация төлөөнүн;
- майыптыгы боюнча пенсия алуучу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга пенсияларды төлөп берүүнүн;
- дайыма кароого жана көзөмөлгө муктаж ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген баланы багуу боюнча жеке ассистенттердин кызмат көрсөтүүлөрүнө келишимдердин колдонулушу;
- маалым каттын колдонуу мөөнөтү токтотула тургандыгы белгиленген күнгө карата майыптыгынын тобун өзгөртпөстөн, өтүп кеткен мөөнөттү андан ары эсептөө менен, аймактык (райондор аралык) медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын майыптуулукту белгилеген маалым каттарынын, ошондой эле кезектеги кайра күбөлөндүрүүнүн колдонулушу;
- дайыма кароого жана көзөмөлгө муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген баланы багуу боюнча жеке ассистенттерге милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча ыктыярдуу патенттин жана камсыздандыруу полистеринин жарактуулук мөөнөтү;
- баланы (балдарды) багып алуучу үй-бүлөгө тарбиялоого берүү жөнүндө келишимдердин колдонулушу;
- багып алган балдарга кам көрүүгө финансы каражаттарын, ошондой эле багып алуучу ата-энелердин эмгек акысын төлөп берүүнүн;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга берилген санаториялык-курорттук мекемелерге жолдомолордун колдонулушу;
- жумушсуздук боюнча жөлөкпул алуучу жарандарга жумуш издөө жөнүндө маалыматтарды талап кылбастан, жумушсуздук боюнча жөлөкпул төлөп берүүнүн.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги:
1) өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режими жокко чыгарылганга чейин төмөнкүлөрдү токтотсун:
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук жолдомолорду берүүнү;
- 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" - ай сайын жөлөкпул дайындоого арыз берген үй-бүлөлөрдү текшерүүнү жана ведомстволор аралык электрондук маалымат алмашуу жолу менен маалыматтарды текшерүүнүн негизинде жөлөкпул дайындоону;
- саламаттык сактоо уюмдарында стационардын шартында адамдарды үйүнө барып медициналык-социалдык экспертизадан өткөрүүнү;
- мамлекеттик жана социалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнө кайрылган жарандарды кабыл алууну;
2) бул буйрукту жүзөгө ашыруу боюнча калк арасында кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;
3) өзгөчө кырдаалдын/өзгөчө абалдын шартында мамлекеттик жөлөкпулдарды жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөө мөөнөтүн узартуу менен аларды дайындоо жана төлөө маселелери каралган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна бир айлык мөөнөттө киргизсин;
4) ушул буйруктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул буйрук расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 22-мартынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
М.Д. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы №795 "Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсация төлөө жөнүндө" токтомуПостановление · 22.12.2009 · № 795
- Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөЗакон · 28.07.2017 · № 163
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- О государственных пособиях в Кыргызской РеспубликеЗакон · 05.03.1998 · № 15 · Күчүн жоготкон