# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-апрелиндеги № 120-б (Чуй облусунун жана Бишкек шаарынын калкынын социалдык аярлуу катмарына ун мурда брондон чыгарылган дандан жана кумшекер түрүндө кайтарымсыз гуманитардык жардам көрсөтүү максатында, «Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-апрелиндеги № 120-б (Чуй облусунун жана Бишкек шаарынын калкынын социалдык аярлуу катмарына ун мурда брондон чыгарылган дандан жана кумшекер түрүндө кайтарымсыз гуманитардык жардам көрсөтүү максатында, «Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 120-р
- Кабыл алынган күнү: 08.04.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.04.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218109>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17562/edition/1039682/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218109.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-апрелиндеги № 120-б (Чуй облусунун жана Бишкек шаарынын калкынын социалдык аярлуу катмарына ун мурда брондон чыгарылган дандан жана кумшекер түрүндө кайтарымсыз гуманитардык жардам көрсөтүү максатында, «Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө) буйругу (08.04.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218109

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 8-апрели № 120-6 Чуй облусунун жана Бишкек шаарынын калкынын социалдык аярлуу катмарына ун (мурда брондон чыгарылган дандан) жана кумшекер түрүндө кайтарымсыз гуманитардык жардам көрсөтүү максатында, «Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4 жана 9-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Чуй облусунун жана Бишкек шаарынын калкынын социалдык аярлуу катмарына гуманитардык жардам көрсөтүү максатында берсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына 300 (үч жүз) тонна биринчи сорттогу ун, 28,248 (жыйырма сегиз тонна эки жуз кырк сегиз килограмм) кумшекер;

- Бишкек шаарынын Мэриясына 70,0 (жетимиш) тонна биринчи сорттогу ун, 8,4 (сегиз тонна төрт жүз килограмм) кумшекер.

2. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлиги атайын каражаттын эсебинен ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн гуманитардык жардамды Бишкек шаарына жана Чүй облусунун райондорунун борборлоруна жеткирүүнү уюштурсун.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) гуманитардык жардамды белгиленген тартипте бөлүштүрүүнү камсыз кылсын.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмюүнө, социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө, коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
