# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-апрелиндеги № 119-б (Коронавирустук инфекцияга (COVID-19) каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн ыктыярдуу кайрымдуулук түрүндөгү жеке жана юридикалык жактардан түшүүчү акча каражаттарын, ошондой эле гуманитардык жардамдарды туура бөлүштүрүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-апрелиндеги № 119-б (Коронавирустук инфекцияга (COVID-19) каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн ыктыярдуу кайрымдуулук түрүндөгү жеке жана юридикалык жактардан түшүүчү акча каражаттарын, ошондой эле гуманитардык жардамдарды туура бөлүштүрүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 119-р
- Кабыл алынган күнү: 08.04.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.04.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218108>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17561/edition/1039176/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218108.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-апрелиндеги № 119-б (Коронавирустук инфекцияга (COVID-19) каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн ыктыярдуу кайрымдуулук түрүндөгү жеке жана юридикалык жактардан түшүүчү акча каражаттарын, ошондой эле гуманитардык жардамдарды туура бөлүштүрүү жөнүндө) буйругу (08.04.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218108

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 8-апрели № 119-б Коронавирустук инфекцияга (COVID-19) каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн ыктыярдуу кайрымдуулук түрүндөгү жеке жана юридикалык жактардан түшүүчү акча каражаттарын, ошондой эле гуманитардык жардамдарды туура бөлүштүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-мартындагы № 112-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн Ыктыярдуу кайрымдуулук түрүндөгү жеке жана юридикалык жактардан түшүүчү акча каражаттарын, ошондой эле келип түшкөн гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүү боюнча комиссиянын курамына киргизилсин: Исмаилова Аида Жекшенбаевна - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Комиссиянын терагасы; Тюлекова Толкун Каныбековна - Ассоциация кризисных центров" юридикалык жактардын бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); Чиркина Галина Эдуардовна - "Альянс по репродуктивному здоровью" коомдук бирикмесинин директору (макулдашуу боюнча); Байбетова Кулжан Сагындыковна - "Женская Демократическая Сеть” коомдук фондунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча)

- Комиссиянын курамынан С А.Кылжыев чыгарылсын.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
